Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

ПРЕЗИДЕНТТИН АЙТКАН-ДЕГЕНДЕРИ АТКАРЫЛАБЫ?


Өтүп бараткан аптада президент Курманбек Бакиев 2008-жылы аткарыла турган иштердин багыттарын белгиледи. Өлкө башчысы өлкөдөгү саясий оюндарды токтотуп, акыры экономиканы көтөрүүгө мезгил келип жеткенин, жетишкендиктерди айтып, кол алдындагылардын ишмердүүлүктөрү кандай болушу керектигин эскертти.

Президент өз кайрылуусунда быйыл өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирген алты багытты белгиледи. Алардын катарына ички ресурстарды пайдалануу аркылуу тышкы ресурстарды тартуу, инфраструктураны жаңылоо жана экономиканы модернизациялоо, кадрларды даярдоо жана алар менен бирге экономиканы камсыз кылуу, салык саясатын иретке келтирүү, социалдык реформалар жана региондорду деградациядан чыгарып, өнүктүрүү багыттары бар. Президент бул маселелердин бардыгы учурда аксап тургандыгын белгилеп, быйыл бул багыттарды токтоосуз колго алууну өкмөт менен парламентке милдеттендирди. Президенттин айтымында, экономикалык жана социалдык реформаларды ишке ашырууга өлкөдө толук шарт түзүлүп турат:

- Биз конституциялык өзгөртүүлөрдү соңуна чыгардык. Саясий стабилдүүлүк үчүн бардык шарт түүзүлдү. Менин оюмча, прогрессивдүү жана иш жөндөмдүү парламент түзүлдү. Өкмөттүн жаңы курамын бекиттик. Экономиканын жана социалдык чөйрөнүн бардык багыттары боюнча жакшы жылыштар бар.

Президенттин кайрылуусу коомдук-саясий чөйрөдө бир кылка кабыл алынган жок. Айрыкча, саясий өзгөрүүлөргө, кадрларга, пенсия курагына, медициналык тейлөөгө байланышкан президенттин демилгелери бир топ байкоочулардын сынына кабылды. Ириде оппозициялык лидерлер Бакиевдин аракеттеринен өз бийлигин бекемдөө саясатынан артыкты көрүшкөн жери жок. Маселен, «Асаба» саясий партиясынын лидери Азимбек Бекназаров Конституциялык реформа жүргүзмөк тургай, аны кайра Акаевдин дооруна алып барып салды деди:

- Конституциялык реформалар аягына чыкты деген калп. Конституциялык реформаны 1996-98-жылдарга алып барып таштады. Реформаны менимче, кайра нөлдөн баштоо керек. 24-марттан кийин баштайлы дедик эле. Бул Акаевдин убагына алып барып коюп койду. Ошондуктан, Конституциялык реформа боюнча жаңы толкун нөлдөн башталыш керек.

Бир топ байкоочулардын баамында, Кыргызстанда жазга жуук баалар өсүп, ал элдик толкундоолорду жаратышы мүмкүн. Баалар өсүп, инфляция жогорулаш ыктымалдыгын президент Бакиев да өз кайрылуусунда белгилеп, муну болтурбоо үчүн реформаларды токтоосуз ишке ашыруу керек деп билдирди. Президенттин бул билдирүүсүн Социал-демократтар партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев баалар өсөөрүн президент алдын ала элге эскертти деп белгилеп, эгер баа өссө, жазында толкундоолор чыгышы мүмкүн деп болжоду:

- Биринчиси, элдерди даярдады, жазында кымбаттоо болушу мүмкүн деген сөздөр болду. Демек эл буга даяр болуш керек… Март, апрелде элдер көчөгө чыкпашы үчүн азыркы өкмөт ошончолук жакшы иштеш керек. Жаман иштеп кыйынчылык болсо эл март, апрелде чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн экономикага иштеш керек.

Президент Бакиев өзү болсо экономиканын көтөрүлбөй жатышын кадрлардын жетишсиздиги менен байланыштырды. Президенттин мындай пикиринде чындык бар, бирок, бул кадрлардын жетишсиздигинен эмес, тегерегине деңгээли жок адистерди топтоп алгандыгында дейт «Ар намыс» партиясынын мүчөсү, экономикалык талдоочу Айылчы Сарыбаев:

- Президенттин экономиканы көтөрүүдө компотенттүү адистер жетишпейт дегени чын. Бирок, мамлекет башында турган адамдар өздөрү компотентсиз адамдарды тегерегине чогултуп алып атат. Республикада жумуш таппай толтура жүргөн керектүү адистерди тегерегине топтой албайөздөрү компотентсиз болуп атышат. Ошондуктан, азыр экономикалык проблемаларды чечүү үчүн иштеп аткан кадрлардын көпчүлүгү компетентсиз. Даярдоодо болсо проблема жок. Бизде даярдалган экономикалык адистер чет өлкөгө кетип атышат.

Президенттин пенсиянын курагына байланышкан билдирүүсү да сынга кабылууда. Башкача айтканда, президент пенсияга аялдарды мурдагыдай 58 эмес 60 жаштан, эркектерди 60 жаштан эмес 63 жаштан чыгарууну сунуш кылды:

- Пенсиялык куракты калыбына келтирүү керек. Силердин мурдагы кесиптештериңер ура-ура, биз элге кам көрөбүз, пенсиялык куракты азайтабыз дешкен. 60 жаш деген эмне? 55 жаштан ашкан эркектер ойлонуп көргүлөчү, алтымышта пенсияга чыксаңар эмне кыласыңар? Иштейлиби кичине? Эгер бул закон иштей баштаса, үч-төрт жылда биз ушундай көлмөгө түшүп калабыз, пенсияны көтөрө албайбыз, пенсионерлердин мекени болуп калабыз. 58-63 жаш деген нормалдуу болчу да.

Мындай демилгени сынга алган мурдагы депутат Азимбек Бекназаров Эл аралык каржы уюмдарынын тапшырмасынан келип чыккан демилге деп эсептеди:

- Пенсия эски калыбына келсин дегени - Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык валюта корунун заказы. Кыргызстан дале Эл аралык Валюта кору менен Дүйнөлүк Банкка көз каранды экенин Бакиев тастыктап атат. Анткени, мыйзамды кабыл алганда да бул мен каршымын деп айткан. Бирок, жаңы Конституциянын биз киргизген нормасына ылайык, ал кол койбосо да, бир айдан кийин ал күчүнө кирген. Элдин талабы менен кабыл алынган бул мыйзамга каршы болуп атканы – Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын ойлобогону.

Эл аралык каржы уюмдарынын каалоосуна жараша көтөрүлгөн демилгелердин бири катары президенттин саламаттык сактоо тармагын тейлөөдөгү төлөмдөргө байланышкан билдирүүсү бааланды. Президент саламаттык сактоодо адамдардын саламаттыгын алдын алууга күч жумшап, практикалык жардамдарды рынок шартына айкалыштыруу керек деген болчу. Мындай билдирүүнү сынга алгандардын бири мурдагы саламаттык сактоо министри, «Элет» партиясынын мүчөсү Накен Касиев болду:

- Жанагы Дүйнөлүк Банк, Эл аралык кээ бир кеңешчилер биздин акыбалды жакшы түшүнбөй эле асмандын башын айта беришет. Коомдук медицина дегени алдын алуу иштерине көп көңүл бурушу керек дагы, практикалык медицина дегени оору-сыркоонун баарын акысына дарылаш керек деген сөз. Бул каржы министрлигинин милдетин азайтат. Каржы миинстрлиги болор-болбос программалар боюнча гана каржылап коет, стратегиялык деген аты бар. Анан ооруканага жатуу, поликлиникага көрүнүү – бардыгы төлөнмө болуп калат.

Накен Касиевден айырмаланып, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев президенттин демилгесин колдоду:

- Биз азыр коомдук саламаттык сактоодо алдын алуу деп атабыз. Буга көңүл бурушубуз керек. Бул абдан туура. Мисалы, беш бармак жеп эле, чуркабай, баспай, май басып атат, жүрөк ооруп атат, мени мамлекет дарыласын деген да болбойт да. Адам өзүн ойлоп, диета дегенди да кармашыбыз керек да.

Президент Бакиевдин парламентке жана өкмөткө кайрылуусу жалпысынан ириде парламенттик көпчүлүктү ээлеген «Ак жол» партиясы тарабынан колдоого алынууда. Экономикалык талдоочу Айылчы Сарыбаев болсо президент белгилеген максаттар ишке ашарына ишенбегендердин бири. Талдоочунун оюнда:

- Көп кайрылуусунун бири. Анын жыйынтыгы президенттин өзүнүн иш жыйынтыгы көрсөтөт. Президент кайрылса эле баар чуркап калбайт. Аны уюштура турган жөндөмдүү адамдарды тегерегине топтоп, иштөөгө мажбурлай турган – президент өзү.

Ал эми президент Курманбек Бакиев кайрылуусунда 2008-жылды бурулуш жана чечүүчү жыл болот деген ишенимин билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG