Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ТАЛАСТА БЕЙШЕНБЕК БОЛОТБЕКОВ ГУБЕРНАТОР БОЛДУ


Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиев кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Бейшенбек Болотбеков дайындалды. 12-январда вице-премьер-министр Досбол Нур уулу Таласка барып, жергиликтүү администрация башчыларына, мекеме жетекчилерине президенттин дайындоосун окуп, жаңы губернаторду тааныштырды. Жыйында экс-губернаторго кызмат орун берүүсүн президенттен суранган айрым анын колдоочулары экс-губернатор акыркы шайлоодо “Ак жол” партиясына алгылыктуу иштегени тууралу айтып кетишти.

Облустук администрациясынын жыйындар залында президенттин жаңы дайындоосун вице-премьер-министр Досбол Нур уулу жыйынга келген жергиликтүү администрация башчыларына, мекеме уюм жетекчилерине окуп, кыскача жаңы губернатордун өмүр баяны менен тааныштырып кетти. Вице-премьер-министр өз жеринен, элинен губернаторду дайындаганды мындан ары токтотуш керек деди:

- Бөлүнүп-жарылып жүрүп бүттүк.

“Ак жол” партиясынын Таластагы лидери Замир Мамбеткулов экс-губернатор Байымбет Мураталиев, өтүп кеткен парламенттик шайлоодо “Ак жол” партиясына алгылыктуу иштерди жасаганын айтып кетти:

- Эл ошондо ооп турган. Ошонун негизинде “Ак жолго” эл башында Байымбет Мураталиев бар экен деп туруп ишенген. Байымбет Мураталиевди кыргыздын чыгаан уулу деп атасак болот.

Мамбеткулов дагы экс-губернатор Байымбет Мураталиевди колдоп, айрым адамдар жакында митинг, пикет уюштуруп чыгарда экс-губернатор токтотуп койгонун өз сөзүндө кошумчалады:

- Биздин элге ынтымакчылык керек. Талас эли тынч болсун, баары Таласты карап турат деп бул киши ошого уруксат бербей койгон.

Талас облусу боюнча Революцияны колдоо уюмунун лидери Роза Жээналиева да губернатордун “Ак жол” партиясына акыркы шайлоодо түнү менен отуруп иштегенин айтып, президентке кайрылып, Мураталиевге жумуш берүүсүн суранды:

- Бул киши “Ак жол” үчүн түнү менен отурду. Бул киши аябай жакшы иштеди.

Жыйынга катышкандардын айрымдары мындай сөзгө нааразы болушуп, "Байымбет Мураталиевди булар колдобой эле кайра ага жаман иш жасап жатышат, себеби шайлоо учурунда бийлик администартивдик ресурстук күчтү пайдаланган жок деп бардык жерде айтылып жатса, булар губернатор “Ак жол” партиясын колдоду дегени кандай" деген сөздөр жыйында күбүр-шыбыр айтылып жатты.

Экс-губернатор Байымбет Мураталиев аны колдогон адамдарга ыраазычылыгын айтып, мындан ары да президент берген жумушту жакшы аткарарын белгилеп, орусча макал менен сөзүн аяктады:

- Эми мындан ары силерди уят кылбай, кайсы иш берсе деле аткара берем. Орусча макал бар го, лишь бы была шея, хомут найдется деген.

Укук коргоочу Арзыкан Момунтаева Байымбет Мураталиевдин кызматтан кетишине акыркы болгон шайлоо себеп болду дейт:

- Менимче бул шайлоонун эле курмандыгы болду го. Себеби көрдүңөр го бүт жалган маалыматтар болду, анысы аз келгенсип губернатордун көзү түз деле болгон эмес.

Жаңы дайындалган Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбековго микрофон сунуп, ишти эмнеден баштайсыз деген сурообузга, кыскача астыда келе жаткан талаачылык жумуштан деп жооп берди:

- Азыр астында талаачылык жумуштар келатат. Ишти ушундан эле баштайбыз.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Талас облусунда жаңы дайындалган губернатор онунчу болуп саналат.

XS
SM
MD
LG