Кувейттеги Арифжан базасында Жорж Бушка АКШнын Ирактагы башкы кол башчысы генерал Давид Петреус жана АКШнын Ирактагы элчиси Раян Крокер отчет берди. Сүйлөшүүдөн кийин Буш кабарчыларга былтыр Ирактагы америкалык аскерлердин саны 30 миңге көбөйтүлгөндөн кийин Ирак жергесине үмүт кайтып келе баштады деп айтты. Ал ошондой эле июль айына чейин 20 миң аскерди алып кетүү пландары ойдогудай ишке ашып жаткандыгын, дагы аскер чыгаруу маселесин генерал Петреус чечиши керектигин билдирди.
Кийин Буш аталган базада турган 15 миң америкалык аскерге кайрылуу жасады:
- Мен силерге өтөп жаткан кызматыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ийгиликке жетээрибизден күмөн санабайм, тарых жазылганда, акыркы барагында "Жеңиш дүйнөнүн келечеги үчүн АКШ тарабынан жетишилди" деп жазылмакчы. Талыкпас эмгектен кийин эми биз артка кылчайып, "Кошмо Штаттары мурдагыдан коопсузураак болуп калды, америкалыктардын кийинки муундары тынчтыкта жашай алат" деп айта алабыз.
Кечээ америкалык ЭнБиСи сыналгысынын "Америка Иракта 10 жылга чейин аскер кармашы мүмкүнбү?" деген суроосуна Буш "Ооба, толук мүмкүн" деп жооп кайтарган эле.
Буш Жакынкы Чыгышты кыдырууну улантып, эми Бахрейнге, Саударабстанга жана Бириккен Араб эмираттарына барат деп күтүлүүдө. Мунун алдында ал АКШнын президенти катары биринчи жолу Израилде жана Батыш жээкте болгон. Мында ал жөөттөр менен палестиндердин ортосундагы тынчтык жараянын тездетүүгө чакырды. Буш өзүнүн кызмат мөөнөтү 2009-жылдын январында аяктаганга чейин тынчтык келишими жетишилет деп үмүттөнүүдө.
Буштун Жакынкы чыгыш сапары келерки жумада Египетте аяктайт. Буш бул аймакка Вашингтон менен Тегерандын алакасы курчуп турган мезгилде келип отурат. Өткөн жекшемби күнү үч америкалык аскердик кеме менен ирандык тез жүрүүчү кайыктардын ортосунда Перси булуңудагы Хормуз кысыгында тирешүү келип чыккан эле. Америкалыктардын ырастоосунда, ирандыктар радиодон аларды жардырып жиберебиз деп коркутушкан, ал эми Тегеран бул ырастоону четке кагып, Вашингтонду Перси булуңунда Иранга каршы пикирди козутуп жатат деп айыптаган.