Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

13:53 «Байтиктин урпактары» жаштар уюму түзүлүп, жаштар комплексин курууга киришти


Бул туурасында аталган уюмдун лидери Эмил Ногойбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында Байтик айыл өкмөтүндөгү жигердүү жаштар демилге көтөрүп, айылдагы эски имаратты кайрадан оңдоп түзөөнү башташты. Эки кабат имараттын ичинде күрөш залы, кийим тигүүчү цех жана чач тарач өңдүү бир нече бөлүмдөрдү ачуу пландаштырылууда. Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда, айылда жаштардын бир дагы көңүл ачуучу жайы жок. Учурда демилгечи жаштар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн иштетүүгө жер бөлүп берүүнү өтүнүп кайрылышты. Бирок Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы азырынча эч кандай аракет кыла элек. Азырынча жаштар үчүн түзүлүп жаткан жайды оңдоп түзөө иштерин ошол айылдагы белгилүү инсандар колго алууда, деп белгиледи Эмил Ногойбаев «Азаттыкка» берген маегинде. (JJ)

XS
SM
MD
LG