Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:13

ИНДОНЕЗИЯНЫН МУРДАГЫ ПРЕЗИДЕНТИНИН АБАЛЫ КЕСКИН НАЧАРЛАП КЕТТИ


Индонезияны 32 жыл өз билгениндей башкарган 86 жаштагы Сухарто, анемия жана жүрөктүн начар кагышына байланыштуу 4-январда Жакартада ооруканага жаткырылган эле. Канын алмаштырып, бөйрөгүн жасалма иштете башташканда, акбалы жакшыра түшкөн, бирок бир катар органдары иштебей калган. Кийин өпкөсү жаңыдан инфекцияга чалдыкканы аныкталгандан кийин, дарыгерлер аны 11-январь күнү атайын бөлүмгө жаткырышкан.

Сухартону дарылап жаткан дарыгерлер тобунун жетекчиси Марджо Соебиандоно жекшембиде кабарчыларга Сухартонун абалы өтө оор экендигин мындайча бышыктады:

- Анын бардык органдары иштебей калгандыгын айта алабыз. Сухартонун акбалы абдан начар.

Генерал-майор Сухарто 1965-жылы Индонезиянын биринчи президенти Сукарнодон бийликти тартып алган. Андан кийинки 32 жылда анын "Орде бары" же "Жаңы тартип" деп аталган режими тушунда Сухарто армияга негизделген күчтүү борбордошкон өкмөт түзгөн. Анын туруктуулукту сактай алганы жана коммунизмге касын тиккени үчүн “Кансыз согуш” тушунда батыш өлкөлөрү Сухартону колдоп келишкен.

Сухарто 1998-жылы массалык студенттик чыгуулардын жана жалпы улуттук козголуунун кысымы менен кызматынан кетүүгө мажбур болгон. 235 миллион калктын басымдуу көпчүлүгү мусулмандар болгон өлкөдө ошону менен демократияга жол ачылган. Андан бери Сухарто элге көп аралашпай, Жакартадагы ак сарайында жашап келди.

Соңку жылдарда бир нече жолу жүрөгү кармагандан кийин, отставкадагы генералдын мээсине оңолгустай доо кетип, оңдуу сүйлөй албай калган. Ушундан улам, аны сот жообуна тартуу мүмкүн болгон эмес.

Индонезиялыктар арасында Сухартонун мурасына бир беткей пикир жок. Колдоочулары аны өлкөнү жакырчылыктан алып чыгып, турмуш деңгээлин көтөрө алгандыгын баалашат. Бирок ал репрессиялар жана адам укуктарын одоно тебелеп-тепсегени үчүн айыпталып келет.

Сухартого жүз миңдеген кишини өлтүрүп же түрмөгө салганы үчүн айып коюлган. Божомолдоолорго ылайык, ал урук-туугандары менен мамлекеттик казнадан миллиарддаган доллар акчаны жеп коюшкан, бирок бул айыптоону алар мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG