Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

ОШТО ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫНА НААРАЗЫЛАР ДАЛЕ СОТТОШУП ЖАТЫШАТ


Оштун бир топ шайлоочулары добуштарын таптакыр жок кылгандыгы үчүн шаардык шайлоо комиссиясын өткөн жылдын 26-декабрында сотко беришкен. Бирок, алардын айтымында, сот бул ишти кароону атайылап создуктурууда. Ал эми Ош шаардык шайлоо комиссиясы 16-декабрдагы парламенттик шайлоо таза өткөндүгүн, соттошууга негиз жоктугун белгилөөдө.

«Ата Мекен» партиясынын Оштогу координатору Калыбек Закировдун айтымында, Кыргызстандын түштүк борборундагы 17 шайлоо участогун иликтешкенде, партия күйөрмандары таштаган жүздөгөн, а түгүл миңдеген добуштар жокко чыгарылып, протоколго түшүрүлгөн эмес. Ал өзү да кудум ушундай тагдырга тушуккан. Ошол себептүү нааразы тараптар сотко кайрылып, шайлоо жыйынтыгын бурмалагандарды жоопко тартуу талабын коюшууда.

- Шаар боюнча үч миң тогуз жүз добуш алганбыз. Ошол добушубузду жокко чыгарып, 549 добуш кылып протоколдорду оңдоого кол коюп, башкача кылып тууралап бергиле силердин каалаганыңары кылалы деп ошого чейин барып жатышат. Бизге кайрылып жатат. Мен үй-бүлөм менен, туугандарым менен бир топ добуш бергенбиз. Кантип ушунтип нөлгө чыгып калат деп жатышат.

Даттануучулардын жактоочусу Мейликан Эмилбаева партиянын жергиликтүү лидеринин кебин бышыктап, ошол эле учурда былтыр 26-декабрда тапшырылган арызды Ош шаардык соту эмдигиче карабай жаткандыгына күйүндү.

- Анткени Ош шаардык шайлоо комиссиясынын чыгарган жыйынтыгы боюнча “Ата Мекен” социалисттик партиясы он жети участкасынан нөл деген көрсөткүч алыптыр. Ал он жети участкадан кээ бир “Ата Мекен” партиясын жактаган атуулдар ушул шайлоо комиссиясынын чыгарган жыйынтыгына нааразы болуп, бүгүнкү күндө Ош шардык сотуна арыз менен кайрылышты. Ал арыз кийинкиге жылдырылды.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев парламенттик шайлоо таза, адилет өткөндүгүн айрыкча белгилеп, сот эле эмес Кудай алдында да ак экендигин далилдөөгө дайым даярдыгын ачыктады.

- Ар бир участка компьютерлешкен. Жасалма деген болбойт, себеби баардык система автоматташтырылган,- деди Мухтар Пайзилдаев.

Материал беленделип бүткөндө, Ош шаардык сотунун төрагасы Нурлан Досмамбетов менен байланыштык. Ал үнүн жаздыруудан тайсалдап, «Ата Мекендин» шайлоочуларынын арызынын жарым-жартылайын мөөнөтү өтүп кеткендиктен кароодон баш тартышкандыгын, калгандарынын даттануусун судья Арзыбек Акыев териштирээрин, бирок, так күнүн азырынча айталбай тургандыгын «Азаттыкка» маалымдады.

XS
SM
MD
LG