Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

КӨГҮЛТҮР ОТТУН БААСЫ КЫМБАТТАДЫ, ДЕМЕК, БААЛАР ДАГЫ ӨСӨТ


Жаңы жылдан тарта жаратылыш газынын баасы 45% кымбаттады. Эми көгүлтүр отун колдонгону үчүн жеке керектөөчүлөр 1 кубометр газга 7 сом 20 тыйындан төлөй башташат. Адистер көгүлтүр оттун кымбатташы тамак-аштын, тейлөө кызматтарынын жана коммуналдык кызмат көрсөтүү акысынын жогорулашына алып келерин айтышууда.

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда газ кымбаттады. Буга Өзбекстандын көгүлтүр от баасын көтөрүүсү себеп болду. Былтыр газдын миң кубометри үчүн Кыргызстан 100 доллардан төлөп келсе, жыл жаңырышы менен баа 145 долларга чыкты. Январь айынан тарта керектөөчүлөр газдын бир кубометри үчүн 35% көп төлөй башташты. “КыргызГаз” ачык акционердик коомунун жетекчиси Саламат Айтикеев баалардын көтөрүлгөнү тууралуу мындай деди:

-Жаратылыш газы 45 пайызга кымбаттаганынан улам тариф да көбөйдү. Ошондо газга төлөмдөр 30 пайызга жогорулады. Түштүк аймагындагы кардарларга газдын бир кубометри 6 сом 90 тыйындан, түндүк аймагындагы кардарларга 7 сом 21 тыйындан болот. Түндүк менен түштүктүн айырмасынын себеби: түндүккө Казакстандан 600 чакырымдык газ кууру менен келгендигине байланыштуу.

Саламат Айтикеевдин айтуусунда газдын баасы боюнча сүйлөшүүлөр оңойго турган жок. Өзбек тарап көгүлтүр оттун кубометрине 200 доллар сурап, аягында 180 долларга чейин түшүрүүгө макул болгон. Жогорку бийлик ээлеринин кийлгишүүсүнөн кийин гана 145 долларга токтолушкан.

Бирок газдын эң арзанын биз алып жатабыз, деп канчалык актанган менен, көгүлтүр оттун кымбатташы карапайым калктын капчыгына урган сокку гана болууда. Өзгөчө пенсионерлер, айлык маянага карап жашаган бюджеттик кызматкерлер акча-каражат жагынан кыйынчылык болуп жаткандыгын айтышууда.

Назгүл Бостонова бюджеттик мекемеде эмгектенет. Маянасы 2500 cом. Бирок, алган айлыгы күнүмдүк оокатка жетмек түгүл, коммуналдык чыгымдарды төлөгөнгө жарабайт:

-Жаңы жылдын башталышы менен газдын баасынын кымбатташы көп адамдарды тынчсыздандырып жатат. Анткени шаарда айлыкка карап жашаган биз сыяктуу жарандар кыйналып калат экенбиз. Тапканыбыздын баары коммуналдык кызматтын акысын төлөөгө эле кетип атат. Мен жаңы баа менен төлөй элекмин, ошентсе да буга чейинки нарк деле жетиштүү болчу,- дейт Назгүл Бостонова.

Мектепке жипсиз байланган Илхом Байбабаев наркы ашкан газ эми ылдыйлабашына бөркүндөй ишенет, ошондуктан, Кыргыз өкмөтү айлыктарды системалуу көбөйтүүнү унутпаса деген илгери үмүттө:

-Газы кыбматтады, муну кайра мудагы баасына кайтара албайбыз. Өкмөт биздин айлыкты бир аз көтөрүп бергенди унутпаса деген эле тилек калды. Андай болбосо мектепте иштеген мугалимдер гана эмес, карапайым калк да кыйналып кетет.

«Ошгаз» башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргызстандын түштүк борборунда көгүлтүр отту пайдалануучу 51 миңден ашуун абонент бар. Ушул жылдын январына карата алардын карызы 62 миллион 807 миң сомдон ашты. Негизинен бюджеттик уюмдар жана жергиликтүү калк мамлекетке бересе. Ошого карабастан кардарларды газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учуратыла элек.


«Ошгаз» башкармалыгынын жетекчиси, Кыргызстан Президентинин коомдук кеңешчиси Минхожиддин Сражиддинов өлкөдөгү көгүлтүр оттун арзандыгына шүгүрчүлүк кылууну сунуш этүүдө. Ошондой эле ал кыштын күнү электр энергиясынын, жылыткыч системалардын начардыгынан газга гана күч келип жаткандыгын, антсе да, быйыл жана эмдиги жылы баа ушул калыбынан өйдөлөбөй тургандыгын белгилеп кетти:

-Азыркы 145 доллар баа башка өлкөлөрдөгү бааларга караганда бир топ арзан. Биздин божомол боюнча газдын баасы эми жакынкы жылдарда көтөрүлбөйт.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Аскарбек Шакиров коңшуларга салыштырмалуу газ наркынын арзандыгын эске салып, бирок, инфиляцияга жараша көгүлтүр от дагы кымбатташы күтүлөт дейт:

-Кескин түрдө кымбаттады дегенге болбойт. 30% кымбаттады. Бул Тажикстан, Орусия ж.б. мамлекеттерге сатылган баадан арзан. Бирок менимче инфляциянын өсүшүнө карап, баа дагы жогорулашы мүмкүн.


ГАЗ КЫМБАТТАДЫ, ЖАКЫНДА ЖЫЛУУЛУК, ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ..

Адистердин айтуусунда газдын кымбатташы – жылуулук, электр энергиясынын бааларынын, курулуш материалдарынын, жада калса азык-түлүк бааларынын кымбатташына алып келет. Быйылкы жылы инфляция дагы өсөт, дешет алар. Ансыз деле жаз алды менен электр энергиясынын баасы кымбаттай турганы азытан маалым болууда. Өнөр жай, отун жана энергетика министринин орун басары Айбек Түмөнбаев апрель айынан тарта электр энергиясынын, жылуулуктун баалары кымбаттай тургандыгын жума башында өткөргөн маалымат жыйынында кабарлаган:

-Газдын баасы 145 долларга кымбатташы –ТЭЦте иштетилген электр энергиясынын, жылуулук энергиясынын баасынын кымбатташына алып келет. Биз мурда Бишкек ТЭЦинде 4 млрд га чейин электр энергиясын өндүрчүбүз. Азыр 1 млрд га чейин эле өндүрүүдөбүз. Быйыл 2000 гегакалорий жылуулук энергиясын өндүрөбүз деген божомолубуз бар. Мунун баары газдын кыбматташынан улам кыскарууда. Жаздан тарта жылуулук жана электр энергиясынын баасы 10% кымбаттайт. Муну жашырбашыбыз керек, -деген Айбек Түмөнбаев.

КОЛДО БАР АЛТЫНДЫН БАРКЫ ЖОК..

Көгүлтүр от Кыргызстандын өзүндө да чыгат. Ош, Жалалабат, Баткен облустары мунай менен көгүлтүр отко бай аймактар деп саналат, бирок маселенин баары аны жер алдынан сордуруп алып, иштетүүдө жатат, дейт “Кыргызнефтетрейдерлер” биримдигинин президенти Базарбай Мамбетов:

-Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында нефть да, газ да бар. Бирок аны биз жер алдынан сордуруп алып, иштете албай атпайбызбы. Ага көп акча жумшаш керек. Мамлекеттин колунда туруп, “Кыргыз НефтеГаз” ишканасы эффективдүү иштей албай жатат. Бир четинен аны башкарганга күчүбүз жетпей атат, экинчи жагынан мамлекетте акча жок. Эгер өзүндө акча болбосо, ар бир эле өлкө ошондой экономикалык тармагына чет мамлекеттен же башка жеке компанияларды өнөктөштүккө чакырып, биргелешип иштетет. Биз ушуга да жарабай атабыз. Орусиянын “Газпром” ишканасы чалгындоо, жер алдынан соруп чыгаруу, аны иштетүүчү заводду ишке киргизүү боюнча долбоор түзүп, эки жылдан берип биздин мамлекет менен сүйлөшө албай жатат.

Базарбай Мамбетовдун айтымында, Кыргызстан болгону эле 1 млн тоннага чейинки мунайды жер алдынан сордуруп алып, Жалалабаттагы токтоп турган заводду иштетсе, өзүн күйүүчү май менен камсыздоого жетишмек. Мунай чыккан жерден газ да чыгат.

Дүйнөлүк базардагы көгүлтүр оттун баасына салыштырмалуу Кыргызстан Өзбекстандан сатып алып жаткан жаратылыш газынын баасы арзан, деп белгилешет адистер. Маалыматтарга ылайык ушул тапта Орусия Европа өлкөлөрүнө газдын миң кубометрин 220 евродон сатат, ошол эле учурда Орусия Өзбекстандын газын миң кубометрине 160 доллардан төлөп сатып алат. Адистердин айтуусунда Өзбекстан газдын баасын дүйнөлүк баага теңештирүүгө аракет жасоодо.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG