Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

ЗООТБЕК КУДАЙБЕРГЕНОВ: МЫЙЗАМ АЛДЫНДА ДАГЫ,ЫЙМАН АЛДЫНДА ДАГЫ АКМЫН


Жалалабат шаарында мындан беш жыл мурда болгон каргашалуу Аксы окуясы республикалык аскер сотунда каралууда. Бул сапар Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш иши анда жабыркагандардын апеляциялык арызы боюнча каралууда. Былтыр октябрь айында Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча ишти карап, ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаевди актап, облустун мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен облустун мурдагы милиция башчысы Кубанычбек Токобаевди беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Ошондон кийин Аксы окуясында жабыркагандар сот айыпкерлерге жеңил жаза берип койду деп нааразы болуп кайрадан арызданып чыгышкан. Облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов Аксы окуясында аны Акүйдүн буйругун аткарды деген айыптоолорду четке кагып келет.

- Зоотбек Чороевич, соттун жүрүшүндө губернатордун биринчи орун басары Жаныш Курбанов эгерде облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов депутат Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин ачпаса, Аксы окуясы болбойт эле деген пикирди айтты. Ал пикирге сиздин оюңуз кандай?

- Бул жерден айтып кетиш керек. Депутат болобу, министр болобу же бийик турган киши болобу, же жөнөкөй болобу, кайырчы болобу баардыгы бир кудайдын астында жана мыйзамдын астында жүрүш керек. Эгерде депутат Бекназаров кылмыш кылса, анда юридикалык баасы берилип, кан төгүлүп, киши өлгөн үчүн кишилер жооп бербей калса менин оюмча качан болсо дагы мыйзам чегинде жоопко тартылыш керек болчу. Азыркы күнгө чейин өкүм турат. Эки сот соттоду. Күнөлүү деп тапты эки берене менен. Бул жерде суроо болбош керек. Санкция берип койду деп анда дагы Жалалабат шаардык соту текшерди. Жогорку Сот текшерди. Туура санкция берилди деп турат. Чечимдер дагы деле болсо күчүндө. Менин оюмча бул бир шылтоо. Эч мыйзамга, ыйманга да келбеген шылтоолор деп эсептейм.

- Аксы окуясы адилет, так териштирилип жатабы?

- Азыр жаңы эле башталды. Менин оюмча сот процесси так эле жүрүп жатат. Анан жыйынтыкка келгенде эле баягы көрөбүз болуп калат.

- Аксы окуясы боюнча дегеле кайсы маселелер эске алынбай жатат?

- Эми эске алынбай жатат деп айтсам туура эмес болуп калат. Анткени өзүңүз көрдүңүз мурунку сотто. Көп киши мурда суралбай калган. Министрге чейин, башкы прокурого чейин, губернаторго чейин суралбай калган. Азыркы сотто бардыгы суралды. Менин оюмча сот адилеттүү эле жүрүп жатат. Жыйынтыгын көрөбүз.

- Сизге коюлган айыпты кандай деп бааласа болот? Аны кылмыш иши катары же саясий иш катары бааласа болобу?

- Мурда мен интервью бердим эле. Бул мага саясий куугунтук болду деп. Азимбек Бекназаров депутат болуп өзүнүн кызматынан пайдаланып, бир топ эле алты жылдан бери кыйнап келе жатат. Менин оюмча эми сот туура чечим берет. Себеби мага ыйгарган айып бир эле : Ошол орун басары Момунов, тергөөөчү Аккозуев экөө токтом чыгарып, Калдаров болсо Аксы районунун прокурору болуп туруп ошол токтомду аткарып элдин укугун бузган дейт. Эми юридикалык жагын эмес адамгерчилик жагын эле алгыла, Момунов менен Аккозуев болсо эч кылмыш кылган жок деп 12-августта 2002-жылы иши кыскартылып турат. Булардын эч кандай күнөөсү жок деп чыккан чечим. Калдаровго Жогорку Соттун жана аскер сотунун актоо чечимдери турат күчүндө. Ошолорду кайта эске албай эле, жок ошол токтомду тигилер аткарып, анан “Кудайбергенов өзү ыйгарган, укугунан аша чаап кетти” деп жатышпайбы.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Ырыспай Абдыраимов

XS
SM
MD
LG