Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

БАСМА-СӨЗДҮН БАА-БАРКЫ ТӨМӨНДӨП КЕТТИБИ?


Адистердин баамында, Кыргызстандагы басма сөз каражаттары бир өңчөй окшош көйгөйлөрдөн арыла албай, ар кыл ушак-айыңдардын туткунунда калып, окурмандарын жоготуп алды. Алардын айтымында, Кыргызстандагы гезиттер журналистиканын эл аралык стандарттарынан оолак калышып, басма сөз ээлеринин гана айткан дегендерин жазып келишет. Ошентсе да бийлик өкүлдөрү басма сөз эркиндиги Аскар Акаевдин доорундагыдан жогору экендигин айтып жатышат.

"Кыргызстандын гезиттери кабар жазууну билишпейт, ага журналисттердин жеке ой-пикирлери кошулуп, көбүнчө окурмандарын качырып алышат" деген адистер, кыргыз басма сөзүндө чечиле элек көйгөйлөр арбын экендигин айтышат. Муну айрымдары толук эркин басма сөз каражаттарынын жоктугу, иштеп жаткандары ээлеринин саясий кызыкчылыктарын гана коргоп келе жатышканы, бул жаатта эл аралык стандарттар жакшы колдонулбай жатканы менен байланыштырышат. Журналист, интернеттеги кыргыз гезиттери айылынын ээси Жаныбек Жанызактын баамында, кабар жазуунун эрежелерин өздөштүрмөйүн гезиттер окурмандарын таба албайт:

- Биздин гезиттердеги бир топ кемчиликтерди айтса болот. Маселен, алардын кабарды чагылдырганы. Көп гезиттер маалыматты маалыматтай беришпейт. Маалыматка аны жазган журналисттин мамилеси, ой-пикири кошулуп кетет. Мына ошол жерден маалымат өз баалуулугун жоготот, ал журналисттин ой-пикирине айланып кетет. Окурманга жөн эле маалымат керек. “Баланча киши баланча жерге кетти.” Бүттү, андан башканы кошуштун кереги жок. Бул кабарларга байланыштуу, ал эми көлөмдүү макала, баяндамалар башка кеп.

Белгилүү саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бийлик ээлери өз ордун сактап калуу үчүн кандай басма сөз каражаты болсо да тизгиндеп коюуга күчү жетет. “Бул жаатта бийликтин көзөмөлү күч болгондуктан жакын арада калыс иштеген гезиттердин көбөйүшү мүмкүн эмес”,- дейт ал:

- Оппозициялык, калыс жазат деген “Агым” гезити жыгылды. “Кыргыз руху” гезитинин айланасында да көп чыр-чатактар болуп, ал дагы өз саясатын өзгөрткөнгө мажбур болду. Чоң теле компанияларды колго алган бийликке гезиттер анча көп каршылык көргөзө албай калды.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын көбү эркин эле иштеп жатат. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, демократия бир эле күндө курулбасын, акырындап сөз эркиндиги барган сайын өнүгүп келатканын айтат:

- Маселен, Акаевдин заманында эркиндик болгон эмес деп биз айта албайбыз. Болгон. Бирок ал учурда эркиндик чектелген. Гезиттер жабылып калышкан, кээ бир журналисттер соттолуп кеткен, Замира Сыдыкова сыяктуулар. А биздин учурубузда ошол соттолгон журналисттер, жабылган гезиттер деле андай орой билинбейт. Мына, азыр канча гезиттер иштеп атышат, ошол эле “Де-факто”, “Кыргыз руху”, “Агым”.

Ошондой эле байкоочулар басма сөз каражаттары бат-баттан көз карашын өзгөртүп, кечээ бийликти сындап келаткандары бүгүн аларга мактоо айтып ийип, көптөгөн окурмандарын иренжитип алып жатышат. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин пикиринде, медиа рынок тармагында адилет атаандашуучулук жок болуп, кадимки рыноктук алакалар түзүк түптөлбөгөндүктөн, гезиттердин кызматкерлери окурмандары үчүн эмес, өз кожоюндары үчүн иштеп калышкан:

- Чет мамлекетте ММКны бизнес катары карашат. Кайсы ММК каражаты бутуна тура алат? Элге так маалыматтарды өз убагында, так, калыс берип турса, эл ошол гезитти издеп жүрүп сатып алат. Биздин азыркы учурда гезиттердин негизги маселеси ушунда болуп атат. Анткени бирөөнү жамандап, калыс эмес, так эмес маалыматтарды жазып, ушак-айыңдарга берилип кеткендиктен, элдин гезиттерге ишеними кетип калды. Ишеним кетип калгандыктан аларды сатып албай калышат. Ошондуктан алар акчасы көп, бай адамдарга көз каранды болуп, алардын көзүн карап калып жатышат.
XS
SM
MD
LG