Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

АКЫЙКАТ ИЗДЕГЕН САЯСАТЧЫЛАРДЫН ФОРУМУ ( Сүрөт баян)


Бийликке каршы жана калыс күчтөрдүн “Акыйкат үчүн” кыймылы бүгүн Бишкекте референдумдун жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына баа берген саясий форум өткөрүп жатат. Анын катышуучулары 2007-жылдын этегинде өткөн референдумду, парламенттик шайлоону талкуулап, баа беришти. Анын тыянагы боюнча билдирүү жасалмакчы. Долбоордо белгиленгенге караганда, форум референдумду жана парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп таанымакчы. Форумга «Ата мекен», «Ар намыс», «Асаба», «Таза коом» сыяктуу партиялардын лидерлери, Мирослав Ниязов, Амангелди Муралиев, Дастан Сарыгулов, Ишенбай Абдыразаков баштаган саясатчылар жана коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин СДПдан шайланган депутаттары Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаева жана жарандык лидерлер катышууда. Форумда ошондой эле Координациялык Кеңеш, Коомдук Парламент түзүү, Элдик курултай чакыруу маселелери да талкууланууда.



















XS
SM
MD
LG