Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

САДДАМ ХУСЕЙНДИН ПАРТИЯСЫ САЯСАТКА КАЙТЫП КЕЛЕТ


Ирактын парламенти көптөн күтүлгөн Саддам Хусейндин “Баас” партиясынын мурдагы мүчөлөрүнө коомдук турмушка кайтып келүүгө жол ачуучу мыйзамды кабыл алды. Бул чараны колдогондо ал улуттук элдешүү жаатындагы маанилүү кадам экендигин айтышууда. Ал эми Кошмо Штаттары бул мыйзамды кабыл алууну Ирактагы саясий элдешүүнүн 18 башкы белгисинин бири деп аныктаган.

Акыйкаттык жана жоопкерчилик мыйзамын 12-январдагы парламенттик жыйынга катышкан 143 депутат бири калбай колдоду. Парламентте бардыгы 275 мүчө бар.

Мыйзам долбоорун былтыр март айында өлкөнүн шийи өкмөт башчысы Нури Малаки жана улуту күрт президент Жалал Талабани сунуш эткен. Мыйзам “Баас» партиясынын мурдагы мүчөлөрүнө атуулдук жана аскердик кызматтарга кайтып келишине мүмкүнчүлүк берет. Тийиштүү арыз менен кайрылгандардын маселеси үч айдын ичинде чеЧилиши керек.

Мыйзамда чектөөлөр да жок эмес. Тактап айтканда, «Баас» партиясынын жогорку кызматтардагы мүчөлөрү болгондор, ошондой эле кылмыш айыптары коюлгандар мурдагы кызматтарына кайтып келе алышпайт. Бирок жаңы кызмат ала албаган «Баас» кызматкерлерине мамлекеттик пенсия каралган.

Өкмөттүн маалымат катчысы Али ал-Даббаг жаңы мыйзам «Баас» партиясынын кылмыштарына байланыштуу ирак элинин укуктарын коргойт, бир эле мезгилде "партиянын бейкүнөө мүчөлөрүнө" мүмкүнчүлүктөрдү ыйгарат.

АКШнын Багдаддагы элчилигинин маалымат катчысы Мирембе Нантонго мыйзамдын кабыл алынышын "улуттук элдешүү жаатындагы олуттуу кадам" деп мүнөздөп, бул окуя Иракта саясий жараян жүрүп жаткандыгын далилдей тургандыгын кошумчалады.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG