Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

ЗИЛЗАЛАДАН ЖАБЫРКАГАНДАРГА ЖАРДАМ ТЕГИЗ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ


Зилзаладан жабыркаган оштуктарга көмөктөшүү максатында Каржы министрлигинин алдында атайын эсеп ачылып, ишкана-мекемелер бир күндүк маяналарын которушууда. Ал эми жабыркагандарга гуманитардык жардамдарын өздөрү тапшыргандардын саны да көбөйдү. Бирок, Кыргызстандын түштүк башкалаасынын тургундары жана жетекчилиги бул өңүттө эмитен эле калыстык болбой жатканын белгилешүүдө. Ал эми Ош облустук бийлиги андай пикирлерди төгүндөө аракетинде.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынан алынган акыркы маалыматка караганда, ушул тапта кырсыктан жапа чеккендерге накталай 606 миң сом, ошондой эле 92,3 тонна көмүр, 360 чыпта ун таратылды. Чукул кырдаал министрлигинин түштүк башкармалыгынын жетекчиси Дамир Кушбаковдун айтымында, алар аркылуу шаарга жана райондорго таркатылып жаткан көмөктүн эсеби жок, ошол себептүү так маалымат айтыш кыйын.

Жер титирөөдөн улам үйүнөн айрылган Айым Өмүрбекова Ош шаары деле кырсыктан катуу жабыр тарткандыгын, бирок ага анча маани беришпей, жалаң облус тургундарына бир жактуу көңүл бурулуп жаткандыгын айтат:

- Ош облусуна кетип атат деп эле атат, бирок Ош шаарынын өзүнө эч кандай жардам жок, - ушинтип кыжаалаттана белгиледи.

Айтмакчы, түштүк башкалаасынын дагы бир тургуну, көп балалуу эне Алымкан Сатыбалдиева премьер-министр Чудиновдун сапарынан кийин деле
эч кандай өзгөрүү болбогондугуна, Өкмөт башчысы жана өзгөчө кырдаал министри убада кылган гумжардамдан алигиче дайын жоктугуна кабатырланды.

- Премьер министр келгенде МЧСтин министри Ташиев эртеңден баштап гумжардам келет силерге, жөнөтөм деген. Кечээ кечке күттүк, айтсак министр бөлбой атат биз дайым даяр турабыз деп шаардын МЧСинин айтышты, - деди Алымкан Сатыбалдиева.

Кыргызстандын түштүк борборунда бүгүнкү күндө 234 үй-бүлө башпаанексиз калды. Аларды коопсуз жайларга көчүрүү маселеси жабыркагандардын күнөөсүнөн улам кечеңдетилип чечилүүдө. Ал эми мамлекеттик жардамга токтолсок, көпчүлүгү Ош облусуна кетип жаткандыгы анык. Бул туурасында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Арфидин Аланов «Азаттыкка» курган маегинде мындайча айтып берди:

- 2763 үйдөн арыз түшүптүр, алардын 234 авариялык деп эсептелиптир. Түшкөн жардамга бул жерде комиссия түзүлгөн. Жардамды Ош шаарынын өзү караса болмок, анткени бизге келип түшпөй калган моменттер да болуп атат деп атышат.

Баткенден түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алып, бөлүштүрүп жаткан Ош облус губернатору Аалы Карашев Ош шаар тургундарынын жана жетекчилигинин дооматын четке какты.

- Жабыр тарткан үйлөр азыркы убака 874, жабыр тарткан 8 мектеп, 1 ФАП, 1 оорукана, 1 клуб. Азыр бир машине көмүр Ош шаарына, ошондой эле 160 кап ун да Ош шаарына берилет деп азыр маалымат келди. Ошондой эле 2 машине көмүр, 200 капка жакын ун Ош облусуна берилет, - деди Аалы Карашев.

XS
SM
MD
LG