Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

ИРАНДА ШАЙЛОО АЛДЫНДА СТУДЕНТТЕРДИ “ТАРТИПКЕ ЧАКЫРЫП” ЖАТЫШАТ


Иранда мартта парламенттик шайлоо өтөт. Аны утурлай Тегеран университети жана дагы бир топ башка окуу жайлар саясий активдүүлүгү менен айырмаланган 60 жакын студентти “тартипке чакыруу” максатында чараларды көрүп жатышат. Ошол эле учурда Иранда Студенттер күнүндө митинкке чыккан 20 солчул студент азырга чейин түрмөдө олтурат. Ирандагы ондогон студенттик уюмдар бүгүн түрмөдөгүлөрдү колдогон билдирүү таратышты.

Студенттерди “тартипке салуунун чаралары” соңку жумаларда Тегерандагы эле эмес, Мазандарандагы, Исфахандагы жана Машхаддагы университеттерде да катталган. Бирок активист-студенттер мындан чочулап эле оозун тыйып койбой тургандыктарын айтып, тетирисинче, башкаларды да демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган нааразылык акцияларына чакырып жатышат.

Хамадандагы исламчыл студенттер Ассоциациясынын лидери Амине Назари “Азаттыктын” “Фарда” радиосуна билдиргендей, аталган бирикменин төрт мүчөсү университеттен айдалып, дагы алтоосу эскертүү баракчаларын алышты.

“Өкмөт ага карата сын айтуудан кайтпаган студенттердин үнүн тыйганды самап жатат” деп ишенет Назари.

- 14-мартка белгиленген парламенттик шайлоо улам жакындаган сайын, бийликтер аларга карата сын айткандардын оозун тыйганга аракет кылып жатышат. Анткени шайлоодо элдин башын айландырышына эч ким алакыт кылбашы керек, - дейт Назари.

“Демократия!” деп кыйкырган студенттердин бири Салман Язданпана Тегеран университетинен убактылуу чыгарылды. Язданпана биздин кабарчыларга айтканына караганда, аны бийликтер “Университеттеги кызматкерлерге акаарат келтирип, өткөрүлүшүнө уруксат берилбеген демонстрацияга катыштың” деп айыпташкан. Студент өзү университетте эч кимге катуу сөз айтпаганын билдирет.

- Мени университеттеги иш-аракеттерибиз, жазган макалаларыбыз үчүн, демонстрацияларга катышканым үчүн жазалашты. Мен өзүмдү коргоп жазган катымда да айттым: “Университетте иштегендердин бирөө да келип, мени Салман сөктү”, - деп айткан эмес. Бул – жалган айыптоолор.

Декабрда Тегеранда жана башка шаарларда солчул маанайдагы кеминде 20 студент камакка алынган. Алардын көбү азырга чейин Эвин түрмөсүндөгү 209-бөлүктө жатат. Бул бөлүктө камактагы адам жалгыз кармалат жана, керек болсо, түрмөнүн жетекчилиги да ага кире албайт. Ал бөлүктү өлкөнүн Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт.

Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү аларды “козголоңчу студенттер” деп атап, ата-энелерине болсо: “Балдарыңар улуттук коопсуздукка коркунуч келтиришти”, - деп айтышкан. Ошентсе да, ал жаштар азырынча расмий түрдө соттолуп, жазага тартыла элек.

Студенттердин ата-энелери, жакындары болсо балдарын камалышына каршы митинкке чыгып, өлкөнүн жетекчилигине, Улуттар Уюмунун Тегерандагы өкүлчүлүгүнө да аларды бошотууга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты. Алар азырга чейин балдарын көргөнгө да уруксат алыша элек.

2007-жылдын декабрында Студенттер күнүндө ошол камакка алынган жаштар демонстрацияга чыгып, президент Махмуд Ахмединежаддын өкмөтүн сынга алышкан эле. Алар өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдү, атап айтканда, саясий уюмдарга көбүрөөк эркиндиктин болушун жана адам укуктары корголушун, талап кылышкан.

Бийликтердин айтымында, алардын иши дале каралып жатат жана жакынкы күндөрү чечим чыгып калышы керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG