Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

М.МУКАШЕВ: «БАСЫП АЛУУЧУЛУК» ПРОГРАММАСЫ ИШТӨӨДӨ


Улуттук банк 11-январда “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын ишин убактылуу токтотуу тууралуу токтом чыгарып, анын жетекчилигине банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу агенттигинин директору Эрнис Станбековду дайындады. Мындай чечимди мыйзамсыз деп эсептеген “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы сотко доо-арыз менен кайрылган. Кыргызстандын Социалдык фонду “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын сотко берип, аны төлөөгө кудуретсиз катары таанууну талап кылууда.

Парламенттин мурдагы депутаты, “Кыргызөнөржайкурулуш” банк жетекчисинин кеңешчиси Муратбек Мукашев ушу тапта таасирдүүлөрдүн аракети менен “басып алуучулук” программасы иштеп жатканын, өмгөккө салып тартылып алынгандардын тизмеси арбып баратканын мисалга тартты.

- Басып алуу деген программа бар. Бул абыдан оор жумуш. Анын ичинде тажрыйбалуу кекселер, кантип иштөөнүн ыгын алгандар жүрүшөт. А.Акаевдин тушунда мен бир бутуман ажырагам. Эми болсо бирөө телефон чалып, экинчи бутумду кайрып саларын айтып опулдады. Мен аяксыз деле жашай бере турганымды, ишимди токтотпой турганымды айттым.

М.Мукашев өзү негиздеген коммерциялык банкында эч качан элдин акчасына сук колун салбагандыгын, 1991-жылдан бери мамлекет бюджетине 764 миллион сом салык төлөшкөндүгүн, 26 миллиард сомдук кредит берилгенин маалымдады. Ал эми Социалдык фонд менен банк ортосундагы талаштын чоо-жайын ал момундайча чечмеледи.

- Эки кат жазылган. Жана мен айтпадымбы биринчи кат 30-ноябрда жазылган. “Төлөм каражаты” деп коет, ошону 500 миллион сомду которууга буйрук берилген. Биз айттык, келишим боюнча мындай ири акчаны алыш үчүн 5 күн мурун кабардар кылыш керек.

М.Мукашевдин ырасташынча, Социалдык фонд өзүнө тиешелүү акча каражаттарын бөлүп-бөлүп коммерциялык банктарда сактоого акылуу. Тек, андай сакталып турчу акчаларды жүгүртүүгө пайдалангандыгы үчүн “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы жылдык үстөгүнө 7,2% акча кошуп берсе, Социалдык фонд эмнеликтен жылдык пайызы алтыдан ашпаган “Инэксимбанкка” жарым миллионго жакын акчасын которткону түшүнүксүз.

М.Мукашев Социалдык фонд талап кылган акчалардын текши баары которулганын маалымдады.

- Декабрь айында биз 875 миллион акчаны пенсияга эмес, алардын буйругу менен коммерциялык банктарга бердик. Ошонун көлөмү бүгүн 1миллиард 923 миллион болуп турат. Анын көбү – 1 миллиарды “Инэксимбанкта”. 500 миллион сому “Азияуниверсалбанкта” турат.

Негизи Социалдык фонддун эсебинде сакталып турган оңор эмес акчаларды ушу тапта күчөп бараткан инфляциянын ооздугун тартыш үчүн баалуy кагаздарга айлантуу зарылдыгын башка бирөө эмес, мамлекет башчысынын өзү айтып олтурат. Социалдык фонддун Улуттук банкка жазган катына жооп кылып “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы эмнеликтен Улуттук банк жылдык үстөгүнө 9 пайыздан берүүгө макул, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы 7,2% төлөшкө куштар акчаларды Социалдык фонд жылдык үстөгү 6% ашпаган “Инэксимбанкка” котортуп жатканын билгиси келген.

- Социалдык фонддун бизге берген доо арызы. 30-ноябрда алар бизге тапшырма берген экен. Анын көлөмү 200 миллион болчу. Биз аны аткарганбыз,- дейт М.Мукашев.

Ага карабастан, өткөн жылдын 20-декабрындагы Социалдык фонддун Улуттук банкка кайрылуусунун негизинде Улуттук банк 31-декабрдан тарта “Кыргызөнөржайкурулуш” банкына тикелей көзөмөл киргизген. Коммерциялык банктарды көзөмөлдөөнүн мына ушул талабына ылайык Улуттук банктын эки кызматкери жүргүзүлүп жаткан акча-тыйын жүгүртүүлөрүнө көзөмөл жүргүзүшкөн.

Улуттук банктын төрага орунбасары Кубанычбек Бөкөнтаев “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы Социалдык фондго талап кылган акчаны 5 күн ичинде которуп беришке милдеттүү болчу деп эсептейт.

- Булардын келишими боюнча ошол 5 күн ичинде аткарып бериши керек. Социалдык фонддун доосу боюнча банк тапшырманы толук эмес аткарган. Мыйзамдын бузулганы ошол болуп жатат. Толук эмес аткаргандан кийин анын салакасы ушундай болуп калды. Эгер мурда келишимде банк шартты карап, тобокелдикке барууну караш керек эле. Келишимге кол койгондон кийин аткарганга даяр болушуң керек. Эгер даяр болбосоң анда кол койбошуң зарыл. Анда 15 күн же 25 күн сурашың керек. Келишим түзүп алып төлөй албайм деш туура эмес го. “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын корреспонденттик эсебинде 400 миллион сом турат. Бул жеке кардарларды камсыз кылууга толук жетет. Декабрда деле банктын Соцфонддун тапшырмаларын аткарганга толук мүмкүнчүлүгү бар эле.

“Кыргызөнөржайкурулуш” банкы талап кылган акчаларды которуп бергенден кийин деле аны кудуретсиздикке чыгаруу аракети токтолгон эмес. Банктын ушу таптагы убактылу кожоюну банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу агенттигинин жетекчиси Эрнис Станбеков ушу тапта жеке жактардын банкта сакталган акчаларын кайтарып берүү башталганын, бул ишке ал 100 миллион сом бөлүп берүү тууралуу буйрукка кол койгонун маалымдады.

- Акча бардык бөлүмдөргө, филиалдарга жеткирилди. Бүгүн жетпей калса эртең дагы толуктап беребиз. Ал эми укуктук жактар туралу айтсак, тилекке каршы, төлөп берүү мүмкүнчүлүгү жок. Мунун салакасы кандай болорун билип мен аларды түшүнүү менен кабыл алам. Жагдай ушундай болуп турат. Банкты убактылуу башкаруyчу катары банк активдеринин сакталышы үчүн болгон аракетти жасайбыз. Аны бөлүү, жок кылууга жол бербештин аракетин көрүүдөбүз.

Социалдык фонддун “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын кудуретсиз деп таануу туралуу сотко кайрылган доо-арызы 23-январда каралмакчы. Ал эми “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын Улуттук банк төрагасынын орунбасары К.Бөкөнтаевдин коммерциялык банкка тикелей көзөмөл жүргүзүү боюнча буйругун жокко чыгаруу жөнүндөгү арызын Бишкeктин райондор аралык соту кароого киришти. “Кыргызөнөржайкурулуш” банкына акча салган 48 миң жеке жактарга төлөп берүүгө жетишерлик акча бардыгын, дегеле банк өзүнө алган каржылык милдеттерди аткаруга мүмүкнчүлүгү жетишерлик экенин М.Мукашев атайын белгиледи.

Анын ырасташынча, жер-жерлерде 60 ашуун филилалы бар ири банкты ээлеп калууга кайсы бир таасирдүү күчтөр куштар. М.Мукашев кийинки парламенттик шайлоо, референдум мыйзам бузулар менен коштолгонун, 2005-жылдын мартында Улуттук банктын Жалалабаддагы бөлүмүнөн уурдалган акчанын кайда кеткенине кызыкканын айтты. Кыязы, оппозициялык саясатчынын мына ушул суроолору кайсы бир таасирдүү күчтөргө жакпай калса керек.

XS
SM
MD
LG