Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

10:40 Чукул кырдаалдар министрлиги эксперттин маалыматын төгүндөйт


Энергетика боюнча эл аралык эксперт Базарбай Мамбетов ушул жылдын 5-январында «Азаттыкка» чукул кырдаалдар министрлигине өлкө бюджетинен жыл сайын 2 миллиард сом бөлүнүп, анын 600 миллион сому табигый кырсыктардын кесепетин жоюу жана алдын алуу иштерине жумшалаары, калган 1 миллиард 400 миллион сом министрликтин керектөөсүнө чыгымдалаары тууралуу билдирген. Эксперт ошондой эле «натыйжасыз иштеген бул структуранын аппаратын кескин кыскартып, жер-жерлерде анын мобилдүү механизацияланган кошуундарын түзүү абзел» деген пикирин айткан эле. Мындай маалымат чындыкка жакынбастыгын аталган министрликтен бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. «2007-жылдын республикалык бюджети» боюнча мыйзамга ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүнгөн жалпы каражат 694368,7 сом болсо, анын ичинен 1,5 пайыздык фондунун эсебинен министрликке 408407,8 сом берилген. Ошондуктан министрликтин басма сөз кызматы расмий түрдө Б.Мамбетовдун айткан сөзүн төгүнгө чыгарат», - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Абдраев.(SM)

XS
SM
MD
LG