Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

УУЛУУ МЕТАЛЛДЫ ИРАНГА ЭМНЕ МАКСАТ МЕНЕН ЖӨНӨТҮШКӨН?


Кыргызстандын жүк ташуучу поездинен табылган уулуу заттын чыры басыла элек. Кечээ Кыргызстандагы Иран элчилиги бул маалымат атайын саясий боек сүртүлүп таратылып жатат деген билдирүү таратты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул иш боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын билдирүүдө. Буга чейин цезий-137 уу заты момтемир катары Кыргызстандан Иранга жиберилгендиги, жүк кыргыз мамлекеттик “Темир” ишканасына тиешелүү экендиги айтылган.

Кыргызстандан Иранды карай бет алган жүк ташуучу поездде уулуу заттын табылышы эл аралык коомчулуктун да тынчын алууда. Тажикстандын Согдий облустук темир жол башкармалыгы бул ишке тиешеси жоктугун маалым кылды. Ошол эле күнү Бишкектеги Иран элчилиги 31-декабрда жүк ташуучу поездден табылган уу зат Иранга багытталган деген маалыматты жокко чыгарган билдирүү таратты. Аталган элчиликтин коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн өкүлү Давид Мирзоев “Азаттыкка” буларды айтты:

-Иран ислам республикасы бул маалыматты негизсиз деп эсептейт жана бул жалгандын артында саясий маани жатат.

Ошондой эле билдирүүдө элчилик бул атайын кызыкдар адамдар тарабынан МАГАТЭнин башчысы Аль-Барадейдин Иранга расмий сапарынын алдында жасалган иш, бул - Иран өлкөсү менен МАГАТЭнин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүн жокко чыгаруу максатында болду деп белгилеген.

Адам өмүрүнө өзгөчө коркунучтуу уулуу жүк жүктөлгөн состав документтер боюнча Тажикстанга тиешелүү болуп чыккан. “Тажик темир жолдору” ишканасынын Согдий облусундагы кызматкери Юнусов “Тажик темир жолдору” ишканасынын бул ишке тиешеси жоктугун “Азаттыкка” кабарлаган:

-Тажикстандын темир жолдорунда мындай заттардын ташылганы эч качан катталган эмес. Балким өлкө ичинде эки-үч жыл мурун кандайдыр бир калпыстыктарга жол берилген болсо да, чегара аркылуу мындай катачылык болуусу мүмкүн эмес, -дейт “Тажик темиржолдору” ишканасынын кызматкери.

Мындай уу зат жүктөлгөн поезддин кыргыз-казак чегарасынан кантип өтүп кеткени азырынча табышмак бойдон калууда. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматы бул иш боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөндүгүн белгилеп, ал жөнүндө башка маалымат айтуудан баш тартты.

Чукул кырдаалдар министрлиги уу зат камтылган момтемир мамлекеттик “Темир” ишканасына таандык экендигин маалымдаган. Аталган ишкана болсо бул ишке карата пикирин билдирүүдөн баш тартууда. Ал эми улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул ишке байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Аталган органдын басма сөз кызматкери Рысбек Быкын уулу азырынча эчкандай маалымат айта албайт.

Айрым талдоочулар цезий-137 уу затына байланышкан окуя кыргыз темир жолунун, чегаранын ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүргөн биринчи учур эмес экендигин белгилешет. Алар бир нече жыл мурда Кыргызстан аркылуу Ирандан Ооганстанга өткөрүлгөн курал-жаракты, ал боюнча иштин ушул күнгө чейин аягына чыкпай келе жаткандыгын баса белгилешет. Кыргызстандын мурдагы Коопсуздук катчысы Мирослав Ниязов “Азаттыкка” берген маегинде айтканы боюнча өлкөдө коопсуздук системасы жетишпейт:

-Мунун бир кемчилиги – бизде коопсуздук системасы жок болуп жаткандыгы. Коопсуздук системасын уюштуруубуз керек. Бирок бул жалгыз эле мамлекеттин колунан келе турган иш эмес. Өлкөнүн коопсуздугуна анын жарандары да кызыкдар болууга тийиш. Бизде мына ушул да жетишпейт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG