Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР ОППОЗИЦИЯНЫН ПАРЛАМЕНТТЕГИ ТРИБУНАСЫ БОЛУУНУ ЭП КӨРӨТ


Экс-премьер министр Алмаз Атамбаев башында турган Социал-демократтар партиясынын өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзгөчө программасы бар. Бул тууралуу бүгүн партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясы билдирди. өзүн бийликке конструктивдик оппозиция деп жарыялаган фракция иш багыттарын белгилеп, өлкөдөгү саясий окуяларга баа берди.

16-декабрдагы кезексиз парламенттик шайлоо тыянагы менен парламентке келген социал-демократтар партиясы шайлоодо административдик ресурстар бир партиянын кызыкчылыгы үчүн иштебегенде мындан да чоң жеңишке жетет эле деп эсептейт. Шайлоодон туура бир ай өткөндөн кийин уюштурган маалымат жыйынында фракция буга чейин айтылып келаткан «чөнтөк оппозиция» деген жардыкты дагы, социал-демократтардын парламентке келишин соодалашуунун тыянагы деген божомолду дагы курулай каралоо катары баалашты. Мындай пикирин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып депутат Иса Өмүркулов билдирди:

- Убагында Атамбаевге «Ак жолго» кирип, ушул партияны башкаруу сунушталган. Социал-демократтар партиясы шайлоого өз алдынча барат деген чечим кабыл алынган. Эгер, кимдир бирөө өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн, кадыр-баркын көтөрүү үчүн бизди жаманатты кылып атса, бул бери дегенде ыйманга жатпайт.

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракциясы өзүн конструктивдүү оппозицияда экенин башында эле жарыялаган. Бул эмнеге негизделерин фракция төрагасы Бакыт Бешимов чечмеледи:

-Өлкөнү өнүктүрүү боюнча биздин өз моделибиз бар. Ал социалдык саясат, адамдык жүзү бар социализм куруу, демократия жана биринчи кезекте социалдык маселелерди чечүү аркылуу көпчүлүктүн кызыкчылыктарын канагаттандыруу өңдүү баалуулуктарга таянат.

Бешимов авторитаризм жана саясий монополия орнотуу боюнча башкалардын үлгүсүн сокур тууроо өлкөнү киргизске алып келип, өнүктүрбөй салат дейт. Анын пикиринде бир партиянын үстөмдүк кылышы коомдо карама-каршылыктарга, туруксуздукка жана бөлүнүп-жарылууга алып келет.

Парламентте көпчүлүктү ээлеген «Ак жол» өз жеңишин элдин колдоосу менен байланыштырып, президенттин саясатын бир ооздон колдогон партия экендигин көрсөтүүдө. Социал-демократтар «Ак жол» партиясынан айырмаланып, жаратылыш ресурстарын сатуу, стратегиялык тармактарды, анын ичинде энергетиканы менчиктештирүү, пенсия курагын жогорулатуу өңдүү президенттин демилгелерине каршы болушууда.

Президент Курманбек Бакиев 10-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө «Бүгүн биз чечкиндүү түрдө мамлекеттик менчикте калган объектилерди менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратууга барууубуз зарыл. Ал үчүн мындан мурунку менчиктештирүүнүн натыйжаларын туура деп таап жана жаңы этапты баштоого тийишпиз” деген.

СДП менчиктештирүүнүн алгачкы үч баскычына баа бербей туруп, кийинки баскычка өтүү өлкөнү опурталдуу жагдайга кирептер кылат деп чочулоодо. Мындай принципиалдуу маселелерди чечээрге келгенде 11 депутаты бар СДП фракциясы «Ак жолчуларга» туруштук бере албасы белгилүү. Бирок, депутат Роза Отунбаеванын пикиринде тигил же бул идея боюнча депутаттарга таасир этүүнүн «парламенттик угуу сыяктуу көп жолдору, көп формалары бар».

Фракция өзүнүн парламенттеги ордун жеке эле СДП үчүн эмес, Кыргызстандагы жалпы оппозиция үчүн трибуна катары пайдаланууну эп көрөт. Мындай оюн Бешимов билдирди:

- Биздин конструктивдүү оппозиция катары парламентте болушубуз - бардык оппозиция үчүн расмий трибуна аркылуу өз көз карашын билдирүүгө түзүлгөн шарт.

Парламент сыртындагы «Ата мекен» баштаган оппозициялык партиялардын бири да социал-демократтардын парламенттеги фракциясы менен кызматташуу тилегин билдирише элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG