Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

ОППОЗИЦИЯ ҮЙҮНДӨ- КЫСЫМДА, ЧЕТТЕ- СЫЙДА


Январь айынын соңунда «Ата мекен» партиясынын лидерлери АКШда болушат. Американын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаев баш болгон атамекенчилер АКШ президенти жыл сайын уюштуруучу «сый тамакка» катышат. Оппозициялык саясатчылардын АКШнын таасирлүү саясатчылары менен жолугушуусу да белгиленүүдө.

АКШга чакырылгандардын катарында «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын орун басарлары Болотбек Шерниязов, Карганбек Самаков, Эркинбек Алымбеков бар.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, бул саясатчылар жыл сайын уюштурулуучу «Улуттук ыраазычылык сый тамагына» катышат. Ал иш чарада президент Жорж Буш сөз сүйлөп, АКШнын конгрессмендери, Жогорку Сотунун судьялары, дүйнөлүк диний ишмерлер, саясатчылар катышат.

«Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев АКШга сапардын программасы белгисиз болгондуктан, кандай жолугушуулар болоорун азырынча айта албасын билдирди.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле Карганбек Самаков, Болотбек Шерниязов жана Эркинбек Алымбеков жана өзү саясатчы катары АКШга чакырылып жатканын белгиледи.

Белгилүү болгондой, 2004-жылы ушуга окшош чакырууну азыркы президент, ал кезде эми оппозиция катарына кошула баштаган Курманбек Бакиев, азыркы оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев, саясатчылар Муратбек Иманалиев, Эмил Алиев жана Амангелди Муралиев алып, АКШда сапарда болуп келген.

Жергиликтүү саясат таануучулар мындай чакыруулар кокусунан болгон иш эмес, оппозия лидерлерин сынап көрүү, ал эле эмес АКШ тарабынан берилген белги катары да баалап келишет.

«Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев саясатчылардын АКШга сапарына карата мындай пикирин билдирди:

-Бул АКШ үчүн көп жолдордун бири. Саясатчылар менен сүйлөшүп, алардын оюн билип, өздөрүнүн пландарын корректировкалоо үчүн керек. Ошондуктан саясатчыларды байкоо деп айтса деле болот.

Ал эми саясат таануучу Жолборс Жоробеков бул чакырууга өзгөчө маани берүүнүн кажети жок деген пикирде:

-Эми бул азыр сынып, кыйналып калган саясатчыларды «апаптап» коюу. Анан кийин коомдук пикирде булар менен америкалыктар сүйлөшөтэкен деген таасир калтырат. Андан чоң проблема чыгаруунун кажети жок.

Ал эми экинчи бир саясат таануучу Нур Омаров оппозициялык саясатчыларды АКШга чакырууну Батыштын Кыргызстанга карата ырааттуу саясатынын уландысы катары баалады:

- Бул ЕККУ жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурунку парламенттик шайлоодон кийин ээлеген позициясына жалпысынан дал келет. Алар референдум жана шайлоого терс баасын беришкен. ЕККУнун активдүү мүчөсү катары АКШнын мына ушундай жол менен оппозицияны колдоо саясатын улантууда.

Нур Омаровдун пикиринде, азыркы учурда Кыргызстанда 2004-жылдагыдай кырдаал түзүлүп келатат. Ал быйылкы жылдын жаз айларында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен коштолушу ыктымал. «Эгерде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болсо, анда Акаевдик авторитардык режимди Курманбек Бакиев бекемдеп, улантып кете турган болот»,-деди Омаров.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG