Николя Саркози менен аны коштогон ишкерлердин айтымында, Жакынкы Чыгышка сапар учурунда миллиарддаган долларлык келишимдер түзүлгөн. Келишимдерге ылайык, француздардын Total- Sues- Areva консорциуму Бириккен Араб Эмирлигине электр энергиясын өндүрчү жана деңиз суусун тузсуздандырчу эки реактор курса, башка бир EDF компаниясы Катарга өзөктүк энергия өндүрүүгө көмөктөшөт. Ал эми Сауд Арабиясына өзөктүк технологияны берүү маселеси талкууланган. Баса, Абу Дабиде франциялык 500 аскер жайгашат. Буга чейин аймакта Батыш мамлекеттеринин ичинен бир гана АКШнын аскерий базасы бар эле.
Табигый энергия булактарына мол бул регион дүйнөдөгү эң бейстбилдүү жана терроризмдин уюткусу саналгандыктан, Франция аларга ядролук технологияны берип, жаңылыш кадам жасабадыбы?
Лондондук эксперт Марк Фицпатриктин пикиринче, Саркози бул өлкөлөрдү Ирандын коркунучунан сактоо үчүн берегидей келишимдерди түзгөн:
- Ядролук энергияны өндүрүүгө көмөктөшүүнүн коммерциялык жана стратегиялык максаты бар. Стратегиялык жактан, бул өлкөлөрдү Ирандын коркунучу алдында Европа өлкөлөрү менен мунасада кармоону көздөйт. Европалыктар, Батыш менен достук мамиле жана кызматташуу аларга пайда гана бергени дайын.
Бирок Фицпатрик өзөктүк технологияны араб өлкөлөрү ядролук курал жасоо үчүн колдонууга аракеттениши мүмкүн деп кооптонот:
-Өзөктүк отунду өндүрүүнүн кооптуу жагы- ал ядролук программага өбөк болушу ыктымал. Эгер атомдук электр станция үчүн уран байылтылбаса же плутоний кайра иштетилбесе, ядролук курал жайылып кетет деген коркунучка негиз да жок болмок.
Фицпатриктин сөзүнчө, Араб өлкөлөрүн өзөктүк отун менен Франция камсыздагандыктан, берегидей чочулоо негизсиз. Мындай пикирге вашингтондук эксперт Генри Соколовский кошулбайт:
--Саркози мусулмандар мунай- газды өндүрүп жатат деп, алардын өзөктүк энергияны өндүрүү боюнча Кудай берген укугун тана албайбыз дейт. Бул алардын экономикалык өнүгүүсүнө жардамдашып, терроризмге бөгөт болот деген жүйөнү айтты. Мындай аргументти жаңылыштык деп ойлом.