Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

ЧОГУЛУШ БОЛОРУН ЧОҢДОРГО АЙТ


15-январда Бишкектин райондор ортолук экономикалык маселелер боюнча соту бир катар бейөкмөт уюмдардын өткөн жылдын 30-ноябрында шаардык кеңеш кабыл алган токтомду жокко чыгаруу боюнча доо-арызын канааттандырган жок. 10 күн илгери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кабарлабай нааразылык билдиргени үчүн укук коргоочу Максим Кулешовду милиция кызматкерлери кечээ Бишкек шаар башчылыгынын имаратынын жанынан кармап кетишти.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Динара Ошурахунова кечээ түштөн кийинкиге белгиленген Бишкек шаар башчылыгынын имаратынын алдында өтчү нааразылык иш-чарасынын үзгүлтүккө учурашын укук коргоочу Максим Кулешовду жолдо бараткан жеринен эле милиция кызматкерлери кармап кеткендигине, башка өнөктөштөрдүн колу бошобой калгандыгына байланыштуу түшүндүрдү.

- М.Кулешов саат үчтө деп жазып коюптур. А биздин саат үчтө бардыгыбыздын жолугушуубуз бар болчу. Биз анын жанында болбой калдык. Баратканда эле кармап калышты. Ал жете элек да болчу. Ал нааразылыгын баштай электе эле кармап кетишти.

Д.Ошурахунова Бишкектин райондор ортолук сотунун чечими туура эместигин белгилеп, андан жогорку сотторго, соңунда эларалык сотторго кайрыла тургандыгын ырастады.

- Биз азыр кечээ күнкү сот чечимин саясий чечим катары баалап жатабыз. Бул мыйзам чечими эмес.

Бейөкмөт уюмдарды жубанткан маселе жаңы жыл алдында Каракол шаар кеңеши кабыл алган токтомду шаардык соттун жокко чыгарган чечими болду окшойт. Азырынча Караколдон башка калаалар нааразылык иш чараларын чектей турган токтом кабыл алыша элек.

Бейөкмөт уюмдардын укугун коргогон адвокат Нурбек Токтакуновдун ырасташынча, жергиликтүү бийликти кабарлоо менен кыргызстандык жарандар көчө жыйын, нааразылык иш-чараларын каалаган жеринде өткөрө берүүгө укуктуу.

- Нааразылыкты тынч жол менен билдирүүгө үч жерди чектеп коюу – үч жерде гана жер титирөө болорун болжолдогондой кеп. Жер титирөө кайсы жерден чыгарын табият шаар бийлигинен сурабагандай эле карапайым калк, эл нааразы болсо сөзсүз каршылык көрсөтүшөт. Эгер ал күчөп кетсе Жогорку Кеңеш уруксат берчү дагы бир мыйзам кабыл алып, бийлик Конституцияны өзгөртсө деле токтолбойт. Элдин чыдамы түгөнсө алардын жаалын куралду күчтөр да токтото албайт.

Бишкек шаар башчысынын пресс-катчысы Эрмек Козубеков шаар кеңеш депутаттары туура токтом кабыл алышкан деген пикирде.

- Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотунун бейөкмөт уюмдардын арызын четке каккан чечими, менимче, туура эле. Биздин шаардык кеңештин 30-ноябрда кабыл алган токтому бар. Анда жыйын өткөрүш үчүн 10 күн ичинде кабарлап коюу, анан Бишкекте үч гана жерде жыйын өткөрүү белгиленген.

Башкалаанын Ленин райондук акимчилигинин аппарат башчысы Акылбек Сейитов Дмитрий Кабак жетектеген “Ачык позиция” , ошондой эле укук коргоочу Максим Кулешов сот чечими боюнча нааразылык иш чараларды өткөрө тургандыктарын эки күн калганда билдиргендиктен аларга уруксат берилбегенин айтты.

- Ушул эреже боюнча акцияларын өткөрүүгө алар 10 күн эрте кабар бериш керек болчу. Булар арызды 14-январда берип, 16-январда өткөрөбүз деп жатышат. Мөөнөтү бузулду, тартиби бузулду. Ошондон биз тартипке карап убагында бериңиздер деп жооп бердик. Бишкек шаар кеңеши бекиткен эреже бар. Анда нааразылык иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери белгиленген. Ошол эрежеге ылайык кайрылыңыздар дедик.

Бейөкмөт уюмдардын нааразылык билдирүүсү баштала электен кыйла илгери Бишкек шаар башчылыгы имарат алдына милиция кызматкерлерин топтоп, шайма-шай даяр турган. Кышкы аязда кайыккан тартип коргоочулар күткөн жыйынга жалгыз М.Кулешовдун келиши алардын ачуусун келтирген белем, айрымдары укк коргоочуну муштап, калганы колун кайрып алып кетишкенин Д.Ошурахунова маалымдады.
XS
SM
MD
LG