Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ: МҮЛКҮБҮЗ ЭЛЕ ЭМЕС, ӨМҮРҮБҮЗ КОРКУНУЧТА ТУРАТ


Каржы полициясы жана салык органдары оппозиция жетекчилеринин менчигиндеги ишканалардын каржылык ишмердигин текшерүүгө алып баштаганын кабарлаганбыз. “Ак шумкар” партиясынын теңтөрагасы Кубатбек Байболов бийлик текшерүүлөр менен чектелбей, оппозицияга кысым жана зордук көрсөтүп, анын менчигин тартып алуу максатында коркутуп үркүтүүгө чейин барып жатканын билдирди.

- Кубатбек мырза, сиз ээлик кылган “Оберон” фирмасы азыр каржы полициясы тарабынан текшерүүгө алынып жаткан экен, ошонун чоо-жайы тууралуу айтып берсеңиз?

- Көз көрүнө саясатка байланыштуу текшерүү болгон дагы, 2005-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млн. 200 миң сом салык төлөнбөптүр деп бизге доо коюлган. Биз апелляциялык арыз берип, ал бүтүм туура эмес экендигин далилдегенбиз. Бирок ошого карабастан кылмыш ишин козгоп, 2006-жылдан бери сүйрөп келе жатышат. Ал иш эми кыскартылып, документтерди бербей жатат деп биздин финансылык директорго иш козголуп, ал дагы кыскартылганына карабастан, эми жаңы жылдын башында кайрадан ошол ишти жандандырып, биз ал иш боюнча Жогорку сотко чейин жетип утуп алганыбызга карабастан, өкүм зордук менен келип документтерди тартып алып, дагы текшеребиз деп аракет кылып атышат.

- Документтерди тартып кеттиби, кайсы уюм текшерип атат?

Республиканын финансылык полициясы азыр документтерди алып жатат.

- Сиздер азыр кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?

- Генералдык прокуратуранын кыскартылган ишти кайра жандандырганы боюнча биз сотко кайрылып атабыз. Бирок ошол соттун чечимин күтпөстөн, булар ишти баштап, документтерди тергеп атышат.

- Сиз айтып аткан бир миллиондон ашык каражатты кайсы негизге таянып доолап атышат?

- Анын баары тең жокко чыгарылган. Ошол эле салык органдардарынын өзүнүн апелляциялык деңгээлинде жокко чыгарылган. Биздин жүргүзүп аткан чарбабыз таза экендиги далилденген. Бирок ошого карабастан азыр жылдын башында ошол ишти кайра жандандырып, кайрадан текшеребиз деп атышат ошол эле фактылар боюнча. Эми башкача ошол учурда документти бербей коюшкан деген башка иш козгошкон. Ошол ишке таяп туруп кайрадан документтерди текшерип атышат. Эң кызыгы биз фирманын иш аракети менен өзүбүз алек болбойбуз. Бул фирма оперативдик башкарууда. Бүт болгон кыймыл аракетин башка кишилер жүргүзөт.
Бирок ошого карабастан менчик биздики болгондугуна байланыштуу атакага өтүп атышат.

Бизге аялым экөөбүзгө түздөн түз эч кандай дооматтар жок. Себеби биз эч нерсеге кол койбойбуз, эч кандай иш аракетти жүргүзбөйбүз. Бирок саясатка байланыштуу менчиктин башы ушулардыкы деп жасап аткан аракеттер.

Республикадагы бирден бир салык төлөөчүлөрдүн бирибиз. Азыр сөз жүзүндө бизнести өнүктүрөбүз дегенине карабастан чындыгында бизнести талкалап атышат. Эгерде ушундай акыбал боло турган болсо кайсы акмак бул өлкөдө бизнес жүргүзөт.

- Эми сиздер райондор аралык сотко кайрыласыздарбы?

- Биз азыр Баш прокуратуранын токтому боюнча 1-Май сотуна, ал эми Ленин сотунун жанагыдай тинтүүгө уруксат бергендиги боюнча шаардык сотко кайрылып атабыз. Көз көрүнө санкцияны алеким саатта бере койгонуна караганда соттор деле өзүңүздөр билесиздер да, бул мамлекетте айтор акыйкаттык деген болбой калды.

- Сиз каржылык териштирүүлөрдү түздөн-түз саясатка байлап атасызбы?

- Түздөн-түз, мен оппозицияда жүргөндүгүмө байланыштуу. Албетте, биздин жүргүзүп аткан чарбалык иштерибизди өтө так жана таза жүргүзүүгө аракет кылабыз. Себеби каяша айтыш үчүн куйрук таза болуш керек. Биздин таза жүргүзүп келатканыбызга карабастан көз көрүнө көз боемочулук, зордукчулук кылып атышат.

- Сиз каржы полициясынын акыркы аракеттерин, албетте, саясатка байлап жатасыз. Саясий куугунтуктун айкын белгилерин айта аласызбы?

- Шайлоого өткөрбөй койгону аз келгенсип, менимче зөөкүрчүлүктүн деле чеги болуш керек болчу, эми жаныбыздан башканын баарын тартып алышка аракет кылып атат. Жаныбызга да кол салуусу мүмкүн. Андай коркутуулар болуп эле келе жатпайбы.

- Конкреттүү сизге ошондой болдубу?

- Албетте, балдарыңарды катып койгон жерлериңерди да билебиз, ошол жактан да табабыз деп жакында эле телефон аркылуу коркутуу болду.

- Оппозициячылар бийликке каяша айтканда, куугунтук болгондо башка өлкөлөргө чыгып кетишет. Мындай тажрыйба аз эмес. Сизде ушул сыяктуу пландар барбы?

- Эгерде жагдай таптакыр эле болбой турган болсо, айтор бул мамлекетте адамдардын укугун, атүгүл көрүнүктүү саясатчылардын укугун коргоп калганга не мамлекеттик органдар, не уяттуу инсандар, не эл тарабынан жардам болбой турган болсо, албетте, саясий баш баанек сурап баш калкалаганга мажбур болобуз. Себеби азыр мүлккө гана эмес түздөн түз өмүрүбүзгө дагы коркунуч туулуп атат.

- Бул саясий максаттагы бир аракеттерди, куугунтуктарды токтотушуңуз керек деп президентке кайрылганга сизде шарт, жагдай, же оюңуз барбы?

- Мен өзүңүздөргө окшогон массалык маалымат каражаттары аркылуу гана кайрылууга мүмкүнчүлүгүм бар. Эгерде саясат ушул багытта өнүгө берип, өкүм зордук мындан ары дагы өкүм сүрө бере турган болсо, мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт.

- Оппозицияга байланыштуу дагы бир кошумча суроо. Эмне үчүн оппозицияда чачыроо болуп атат. Оппозициянын өзүндө күнөө эмеспи?

- Оппозиция болобу, бийлиги болобу баарыбыз эле бир сортпуз, бир коомдон, бир аң сезимден, бир тоталитардык доордон келип чыккан инсандарбыз. Албетте, оппозициянын чачырап, бийликке сатылып, же башка кызыкчылыктарды көздөп кетип жатканы бул объективдүү жана тарыхый нерсе. Тилекке каршы оппозиция бири-бирин коргоп калганга азыр кудурети жетпей жатат.

- Кыргызстандын келечеги сизге кандай элестейт азыр?

- Ушу тапта Кыргызстандын келечеги өтө бүдөмүк жана опурталдуу деп айтаар элем. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча көз көрүнө өзүм билемдик кылып, менин оюмча элдин биримдигине, аймак аралык биримдиктин ортосуна чок таштап атат.

- Суроолорго жооп бергениңиз үчүн сизге чоң ырахмат.


Маектешкен Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG