Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

FREEDOM HOUSE: ДҮЙНӨДӨ ЭРКИНДИКТИН ДЕҢГЭЭЛИ КЫСКАРДЫ


Эларалык “Freedom House” уюму дүйнөдөгү эркиндик боюнча 2007-жылга изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын чыгарды. Андагы негизги тыянак – дүйнөдө эркиндик кыскарып баратат. Айта кетели, соңку эки жылдан бери катары менен “Фридом хауз” глобалдык эркиндик боюнча ушундай жыйынтык чыгарып келатат.

Быйылкы көрсөтүч былтыркысынан анча деле айырмаланган жок. Былтыр да 90 мамлекет “эркин” деп аталган эле. Ал эми “такыр эркин эмес” делген өлкөлөрдүн саны экиге кыскарып, “жарым жартылай эркин” жумурияттар экиге көбөйдү. Бир чети, муну жакшы жыйынтык катары тааныса деле болчудай, бирок, докладдын авторлорунун айтымында, быйыл баары бир эркиндик, глобалдык мааниден алып караганда, кыскарды. Анткени ири мамлекеттер, Орусия, Кытай, Түндүк Корея өңдүү ири жана региондорго таасири күч өлкөлөрдө акыбал мурдагыдан да начарлады. Мында, өзгөчө, постсоветтик региондогу Орусияда өткөн парламенттик шайлоого көп көңүл бөлүнгөн.

Докладдын авторлорунун бири, Крис Уолкер КМШ аймагындагы эркиндик боюнча “Азаттыкка” буларды айтты.

- Биз бул региондо катуу авторитаризмде жашап жатат деп тааныган мамлекеттерде эркиндиктин күчү дагы басаңдап бараткан теңденцияны байкадык. Чынын айтканда, постсоветтик аймакта эркиндик жетишпей жатат. Балтика боюндагы мамлекеттерди кошпогондо, бүгүн ал жердеги 12 мамлекеттин ичинде жетөөсү “эркин эмес”, төртөөсү “жарым жартылай эркин”, бирөөсү гана, Украина эле, “эркин” деп табылды. Демек, дүйнөнүн ушул бөлүгүндөгү эркиндик үчүн бул маанилүү көрүнүш, - деди Крис Уолкер.

Докладда Орусия Борбор Азиядагы авторитардык, керек болсо, диктатордук режимдерде жашап жаткан өлкөлөргө, Беларуска жардамын күчөтүп, тетирисинче, аймактагы эркинирээк деп таанылган Грузия жана Балтика боюндагы мамлекеттерге басымын күчөттү деп айтылат. Мына ушундай эле аракеттерге авторитардык режимдеги Ливанды, Иракты жана Палестин автономиясын колдогон Сирия да барганы белгиленет. Кытай болсо Африкадагы авторитардык бийликтерди колдогон.

Жалпы эле Борбор Азия региону боюча жалгыз гана Кыргызстан “жарым-жартылай эркин” деген баага татыды. Былтыр да Кыргызстан тууралуу ушундай эле тыянак чыгарылган болчу. Бирок өткөн жылдын этегинде болгон парламенттик шайлоодо президенттин колдоосуна ээ болгон партия гана парламентте көпчүлүк орунду ээлегени олуттуу артка кетүү катары бааланды.

Кыргызстандагы “Медиа Өкүлчүлүк” Институтунун жетекчиси Илим Карыпбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, аталган докладда айтылгандар менен кошула турганын билдирди.

- Биздин өлкөдө бийликтин бир бутагы – Мыйзам чыгаруучу бутак – мурункудай эркин болбой калды. Демек, парламент эркин болбой, аткаруу бийлигинин гана сөзүн сүйлөп калгандыгы да Кыргызстан тууралуу ушундай баанын берилишине таасир этти. Андан сырткары, Бишкекте жана айрым региондордо, мисалы, Караколдо шаардык бийликтер жарандардын пикет-митингдерге эркин жыйналышына чектөөлөрдү коюшу да буга олуттуу себеп болуп берди деп ойлойм. Анткени бул сөзсүз түрдө адам укуктарын чектеген көрүнүш, - деди Илим Карыпбеков.

“Фридом Хауз”, адатта, эркиндикти эки башка багытта изилдеп келет. Бул – басма-сөз эркиндиги жана саясий, ошондой эле жарандык эркиндик. Бул жолу уюм бизге 2007-жыл боюнча дүйнөдөгү саясий жана жарандардын эркиндиги боюнча иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын айтып жатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG