Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

ЦЕЗИЙ-137: КАЙДАН?, ЭМНЕГЕ?, КАЯККА?


Кыргызстандан Иранга бараткан жүк ташуучу поездде Цезий-137 деген аталыштагы радиоактивдүү уулуу зат кармалып, Орто Азия аймагында гана эмес эл аралык деңгээлде да ар кандай сөздөрдүн жүрүшүнө алып келди. Анткени, бул зат атом энергетикасын алууда колдонулары белгилүү. Азыркы тапта кыргыз бийлиги бул радиоактивдүү заттын кармалышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышууда. Адистер, мындай коркунучтуу зат террорчулардын колуна түшүп калса каргашалуу окуялардын болуп кетиши ыктымалдыгын эскертип жатышат.

Кыргызстандан чыгып Казакстан, Өзбекстан аркылуу Иранды карай бет алган жүк ташуучу поездден табылган уулуу зат окуясынын айланасында кеп-сөз кызыды. Бул ишти иликтеп жаткан Кыргызстандын коопсуздук кызматы кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартып жаткандыктан, бул окуя боюнча түркүн-түмөн божомолдор айтылып жатат.

Адистердин баамында, бул кооптуу заттын Иранга бараткан поездден чыгып жатышы тынчсызданууну жаратпай койбойт. Анткени, Иран Ислам Республикасын, бир катар батыштын өлкөлөрү атомдук бомба жасоого аракет кылып жаткандыгы үчүн айыпташкан. Өз кезегинде Иран атомду тынчтык жолунда, энергия өндүрүүдө гана колдоно турганын айтып келатат.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, кармалган эшелон Тажикстанга таандык болсо, уулуу зат “Цезий-137” табылган вагондогу жүктөр Кыргызстандын “Темир” мамлекеттик ишканасына таандык болуп чыккан.

“Кыргыз темир жолунун” башкы директору Нариман Түлеевдин айтымында, поезддин эки чек арадан оңой-олтоң өтүп, Өзбекстандын чегарасында кармалып отурганы шектенүүнү туудурат. Анын пикиринде, поездде андай уулуу зат болгондо Казакстандын чек арасында эле аны өткөрбөй коюшмак. Демек, Өзбекстандын чек арасында келгенде бир нерсе болгон болуусу мүмкүн.

Ал эми “Темир” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги бул маселе боюнча азырынча бир нерсе айта элек. Мурда бул ишкананы жетектеп кеткен Нариман Түлеев болсо, азыр бул ишкана кимдер менен кандай иштеп, кайсыл өлкөлөр менен кызматташып атканын билбейт.

Цезий – мезгилдик системада элүү бешинчи номурда турган химиялык элемент. Анын “Цезий-137” деген аталыштагы радиоактивдүү түрү атомдук энергияны өндүрүүдө жана медицинада колдонулат.

Бир катар адистер мындай коркунучтуу заттар террорчулардын колуна түшүп калса чоң каргаша болуп кетиши ыктымалдыгын айтып, бийликтегилерге алдын-ала эскертишүүдө. Ошентсе да азырынча бул зат кайсыл жерден алынып, эмне максат менен каякка баратканы белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG