Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

КОСОВОНУН КЕЛЕЧЕГИ БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНДЕ ТАЛКУУЛАНДЫ


Бириккен улуттардын Коопсуздук Кеңешинде шаршембиде Косовонун айланасындагы кырдаал талкууланды. Жыйында Белград кайрадан Косовонун Сербиядан бөлүнүп кетишине жол бербөөгө чакырды. Бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу, Батыш өлкөлөрү Косовонун өз алдынчалыгын тааный турган шекилдүү.

Кеңештин 16-январь, шаршембидеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Сербиянын президенти Борис Тадич Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешин Косовонун бир тараптуу өз алдынчалык жарыялашына жол бербөөгө чакырды. Ал Косовонун өз алдынчалыгын Сербия эч качан тааныбай тургандыгын мындайча бышыктады:

– Сербия Косовонун көз карандысыздыгын эч качан тааныбайт жана бардык демократиялык жолдор, мыйзамдуу чаралар жана дипломатия аркылуу өзүнүн аймактык биримдүүлүгүн жана суверендүүлүгүн коргойт.

Сербиянын президенти ошол эле убакта, Сербия күч колдонууга же согушка жол бербей тургамдыгын дагы бир жолу ырастады.

Хашим Тачи да Коопсуздук кеңешинин Нью-Йорктогу сессиясына Косоволук албандардын лидери да катышты, бирок анын өлкөсү расмий таанылбагандыктан, жыйында чыгып сүйлөй алган жок. Жыйындан кийин ал кабарчыларга көз карандысыздык жакын арада жарыяланаарын мындайча билдирди:

– Тез арада биз бир бүтүмгө келебиз. Эл аралык коомчулук, Вашингтон, Брюссел жана башка өлкөлөр бизди көп создуктурбай тааныйт деп ишенебиз.

Жыйында АКШнын БУУдагы элчиси Залмай Хализад Финляндиянын президенти Марти Ахтисааринин Косового эл аралык коомчулуктун көзөмөлү астында өз алдынчалык берүү сунушун колдоду. Ал ошондой эле Косово менен Сербия Европа Шериктештигине канчалык тез арада кошулса, ортодогу саясий карама-каршылык ошончолук азайаарын белгиледи.

Бирок Орусиянын элчиси Виталий Чуркин америкалык кесиптешинин аргументтерин четке кагып, Косовонун өз алдынчалыгына эч кандай негиз жок экендигин кайталады.

Коопсуздук Кеңешинин 1999-жылы кабыл алган 1244-резолюциясында Сербиянын аймактык биримдиги бузулбайт деп айтылган. Бул резолюцияны БУУнун Коопсуздук кеңешинин бардык мүчөлөрү колдогон. Бирок Сербия менен Косово мунасага келе алышпагандыктан, Косового эл аралык көзөмөл астында көз карандысыздык бериш керек деген Марти Ахтисааринин сунушуна колдоо улам күч алууда. Анын колдоочулары бул сунушт аймакта түзүлгөн кырдаалга шайкеш келе тургандыгын айтышууда.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG