Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

ПУТИНДИН БОЛГАРИЯГА САПАРЫ ЭМНЕ ҮЧҮН ЕВРОБИРИМДИКТИ КЫЖААЛАТКА САЛДЫ?


Амирбек Усманов, Прага Президент Путиндин бейшемби күнү Болгарияда башталчу эки күндүк сапары Москванын энергия саясаты боюнча Орусия - Евробиримдик арасындагы карама-каршылыкты дагы курчутушу ыктымал. Себеби, визит учурунда Болгария аркылуу Европага өтчү көп миллиард долларлык газ куурунун долбооруна кол коюлат. “Түштүк агымы” деп аталган бул долбоор Евробиримдиктин отун энергиясы боюнча Орусияга ого бетер көзкаранды кылып койот деген кооптонууну дагы күчөттү. Евробримдик азыр керектеген газынын 40 процентин Орусиядан алат.

Президент Путиндин эки күндүк ырасмий визити учурунда Орусия жана Болгария арасында онго жакын келишимге кол коюлмакчы. Алардын эң маанилүүсү “Белене” АЭСин куруу, ошондой эле “Бургас- Александруполис” мунай боросун куруу жана пайдалануу боюнча келишимдер. Кара деңиздин астына жаткырылчу боро орус мунайын Болгария аркылуу Евробримдикке сатууга мүмкүндүк берет. Долбоорду Орусиянын Газпрому жана Италиянын Eni компаниясы чогуу бүткөрмөкчү.

“Түштүк агымы” деп аталган бул долбоор ансыз да “Орусиянын газына көз карандыбыз, жаңы отун энергия булактарын табуу зарыл” деп жаткан Евробиримдикти бир кыйла кыжаалатка салды. Анткени, азыр Евробримдик керектеген газдын 40 процентин Орусиядан алат. Атүгүл айрым Европа өлкөлөрүнө тышкы базардан келген мунайдын дээрлик үчтөн бири Орусияга таандык.

Ошон үчүн, европалык лидерлердин бир тобу Батыш- Чыгыш арасындагы түшүнбөстүктөр ырбаган маалда Москва мунай менен газды саясый- экономикалык буроо катары колдонот деп тынчсызданышат. Брюсселдин берегидей кооптонуусуна Москванын Батышка ыктаган Украина менен Грузияга газдын баасын көтөрүп, кысым жасоосу түрткү болду. Ушундан улам Брюссль мунай- газ булагын диверсификациялоо үчүн Орусияга кирбей өткөн Каспий куурунун колдогон. Бул куур Азребайжан - Грузия - Түркия аркылуу Европага чыгат.

Болгариянын өзүндө да Евробримдик- Орусия арасындагы мунай- газ саясатында София кайда туруш керек деген маселе кызуу талкууга алынды. Болгария азыр биримдиктин мүчөсү болгону менен, тарыхый жактан алганда Орусиянын өтө жакын өнөктөшү.

Президент Путиндин визити да Болгариянын Осмон империясынын башкаруусунан бошонуусунун 130- жылдыгына туура келүүдө. Болгарияны беш кылымдык Осмон түрктөрүнүн башкаруусунан орусиялык аскерлер 1877-78- жылдардагы Орус-Түрк согушунда куткарган.

XS
SM
MD
LG