Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

ГРУЗИЯДАГЫ ШАЙЛОО КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЙКООЧУНУН КӨЗҮ МЕНЕН


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Жалалабат шаарындагы координатору Уларкан Аттокурова 5-январда Грузияда болгон президенттик шайлоого байкоочу болуп катышып келген.

- Грузиянын кайсы шаарында байкоо жүргүзүп турдуңуз?

- Мен Грузиянын Поти деген шаарында 12 участкага байкоо жүргүзүп келдим. Ал жерде тизме боюнча жетишпестиктер болду. Ал жердин эли ачык-айрым эл экен, жаап-жашырууну билишпейт экен.

- Шайлоого элдин катышуусу кандай болду?

- Шайлоого элдин катышуусу 60 пайыз болду мен катышкан участкаларда. Мен 12-участкада калып калдым, ошол жерде эсептөөгө катыштык. Ага дагы жеребевка тартып анан 4 адам калып санашат жасашат экен. Грузияда бир эле президенттик шайлоо эмес, ал жерде Жогорку Кеңешти күзгө, же жазга белгилөөбү деген референдум өттү. Ага кошумча НАТОго кошулалыбы, кошулбайлыбы деген суроо менен шайлоо өттү.

- Ошол шайлоодо кандай мыйзам бузуулар болду?

- Шайлоодо мыйзам бузууларды мен байкаган жокмун. Бир гана участкада бизде кайра-кайра кирүү болуп атат деп комиссиясынын мүчөсү кайрылды, бирок биз өз көзүбүз менен көрө албадык.

- Дүйнөлүк маалымат каражаттары аркылуу Грузиянын президенттигине талапкер болгон оппозициячыл адамдар мыйзам бузуулар менен шайлоо болду деген маалыматтарын жарыялап турду. Бул боюнча пикириңиз кандай?

- Бизден Айгүл Тиленова Тбилиси шаарында болду. Ал катышкан участкаларда аракет болуптур, №5 деп жазылган маршрутка менен адамдар жүрүптүр, бирок Айгүл Тиленова катышкан участкага алар кирбептир.

- Грузияда өткөн шайлоодон кыргыз мамлекети кандай жакшы нерселерди үйрөнсө болот?

- Ал жерде БШКга конкурс жарыяланат экен. 25 жаштан жогорку билимдүү, өзүнө ишенген адамдар конкурска катышып, андан өткөндөр Жогорку Кеңешке коюлат экен. Парламент сунуштап, президент бекитип, шайлоо комиссиянын төрагасы, секретары, 5 мүчөсү шайланат экен. Дагы бир жаккан жери - шайлоо комиссиясы парламентке отчет берет экен. Мен өзүм болгон жерде кээ бир адамдар менен сүйлөшө алдым, биз ушул саясаттан, митинг, пикеттен чарчадык, бизге тынчылык керек дейт. Саясий акыбалы бизчелик эле экен. Чегара маселеси боюнча Абхазия бизде калыш керек деген ойлору бар экен көпчүлүгүнүн.

- Шайлоонун жыйынтыгы бюнча Михаил Саакашвили көпчүлүк добушту алып, кайрадан президенттикке шайланды. Шайлоонун маалында Саакашвилиге шайлоочулардын мамилеси кандай болду?

- Биз катышкан Поти шаарында митинг, келишпестиктен тажадык деп айткандар болду. Ал шаарда 3 жылга чейин электр жарыгысыз отурушуптур. Саакашвилиге көп добуш бергенин мен ошондон байкадым, бизге Саакашвили келип эле электр жарыгын коюп берди, газ түтүктөрүн өткөрүп, газды берген атат дейт. Кымбатчылык экен, аны дагы саясий келишпестиктерден, тирешүүлөрдөн, митингдерден көрүшөт экен. Саакашвилиге убакыт берсе бизге жакшы иштеп берет деген ойлорун айтышты.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG