Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

11:00 Кыргызстандык укук коргоочулар Жогорку сот төрагасын кызматтан алгандыгы үчүн парламентти айыптап жатышат


“Парламенттин президент Курманбек Бакиевдин Жогорку соттун төрагасын кызматтан алуу тууралуу сунушун колдоп бергени –бийликтин бир колго чогулганын дагы бир жолу тастыктады”, деп белгиленген билдирүү бүгүн бир нече укук коргоочу уюмдардын атынан таратылды. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюму, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы жана “Тынчтык –маданият жарыгы”, “Психикалык саламаттык жана коомчулук” коомдук уюмдары Жогорку сот төрагасынын кызматтан алынышы менен соттордун көз карандысыздыгы тууралуу мыйзам бузулду деп эсептешет. Билдирүү ээлери соттордун көз карандысыздыгына акыйкатсыз шайлоонун натыйжасында келген легитимсиз орган тарабынан кол салынып жатышы - өтө коркунучтуу, деп белгилешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG