Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

ЖЕКШЕМБИДЕ СЕРБИЯ ПРЕЗИДЕНТТИ ТАНДАЙТ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Ушул жекшембиде Сербияда президенттик шайлоо өтөт. “Анда ким жеңет” деген суроо сербдердин гана эмес, жалпы эле дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп жатат. Президенттикке ат салышкан негизги эки талапкердин тышкы саясаты бири-биринен кескин айырмаланат. Мисалы, Борис Тажич Сербияны Европа Биримдигинин мүчөсү катары көрсө, анын башкы атаандашы Томислав Николич славян элдеринин биримдигин колдоп, өлкөнү Маскөө тарапка багыттарын жашырбайт.

Сербиянын президенттигине жалпысынан тогуз талапкер ат салышып жатат. Бирок жалпы сурамжылоолордун жыйынтыгына таянсак, негизги жарыш Тажич жана Нокличтин ортосунда боло тургандай.

Талапкерлердин бири да элүү пайыздан жогору добуш ала албайт дешет серепчилер. Андыктан азыр эле шайлоонун экинчи айлампасы тууралуу сөздөр айтыла баштады. Ал үчүнчү февралга белгиленет.

Эки негизги талапкердин саясий платформалары таптакыр карама-каршы багытта десек болчудай. Сербиянын учурдагы президенти Борис Тажич өлкөнү Европа тарапка багыттаган саясатчы катары таанылган. Социологиялык изилдөөлөр боюнча, Сербиянын 70 пайызга жакын калкы Европа Биримдиги менен тыгызыраак иш алып барууну колдойт.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Борис Тажич батышчыл саясат эл тараптан колдоого ээ экенин белгилеп, атаандаштарынын сөздөрү элди көндүрбө албаганын айтты.

"Алдыдагы президенттик шайлоо Сербиядагы саясий жараяндарды артка бурбайт. Башкача айтканда, Сербия Европа багытынан тайбайт, анткени бизде башка жол деле жок".

Сербия Радикалдар партиясынын башчысы Томислав Николич Орусия менен байланышты жакшыртууну туу көтөрүп шайлоого аттанды. «Эгер мен жеңсем, анда Сербия аймагында орус аскер базаларынын орнотулуусун суранат элем»,- дейт Николич.

Сербдер Евробиримдикке кошулууну колдоорун Николич деле түшүнөөрүн билдирди. Бирок, анын айтымында, Европага кошулуу үчүн Сербия Косоводон кол үзүш керек. Муну Тажич ачык айтпай жатат. «Эгер Европа Косовонун Сербияда калышын колдосо, мен да Евробиримдик үчүн чыкмакмын», - дейт Томислав Николич.

Косовонун эгемендүүлүгү тууралуу маселе Сербияда абдан оор кабыл алынат. Тогуз талапкердин ичинен либерал-демократ Чедомир Йовановичтен башка эч ким Косовонун эгемендүүлүгүн колдой тургандыгын ачык билдирген эмес.

Сербиядагы ички саясатка карабастан Косово, баары бир, эгемендүү болоорун көпчүлүк серепчилер айтып жатышат. Келе жаткан шайлоодо уткан талапкер тарыхта «Косовону сактай албай койгон президент» катары калаары да алдын ала айтылууда. Бирок, серепчилерден айырмаланып, эл арасында Косовонун тагдыры боюнча маселе дагы да жүрөктү өйүтөт.

"Сербдер абдан эмоционалдуу келишет. Биз жүрөгүбүз айткандай кылабыз. Косово - Сербиянын бир бөлүгү. Биз төрөлгөндө Косово биздин мекенибиздин бөлүгү эле. Аны минтип оңой эле кесип салса болбойт".

Иш жүзүндө Сербия президентинин укуктары чектелген. Ал өкмөттү иштен кетире албайт жана тышкы саясатты аныктабайт. Бул укук тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнө берилген. Бирок алдыдагы шайлоо келерки парламенттик шайлоонун жыйынтыгына түздөн түз тиешеси бар.

Эгер Николич азыр Тажичти утуп чыкса, анда келерки Парламенттик шайлоодо көп нерсе учурдагы премьер-министр Воислав Коштуницадан көз каранды болот. Коштуница тигил же бул талапкерди колдоодон баш тарткан. Анын Демократиялык партиясынын эл арасында колдоосу күчтүү жана президенттик талапкерлердин бири менен ал жаңы парламентте чечүүчү ролду ойной алат. Учурдагы Президент Тажичтен айырмаланып, Коштуница батышка каршы саясатты колдоп бериши толук мүмкүн.

XS
SM
MD
LG