Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:12

АВТОУНААЛАРДЫН БААСЫ ЭМНЕГЕ КЫМБАТТАП АТАТ?


Замира Кожобаева, Кабыл Макешов, Алишер Токсонбаев Акыркы жылы Кыргызстанда автомобилдин баасы көтөрүлдү. Адистер буга күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттаганы, автомобил тетиктеринин баалары көтөрүлүшү себеп дешет.

Акыркы бир жылдын ичинде базарда автомобилдин баасы кымбаттаганы байкалды. Айрым байкоочулар буга күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттаганы себеп дешсе, кээ бирлери Кыргызстанга апкелинип жаткан автомобилдердин мекени болгон Европада, Япониянын өзүндө баалар өсүп кеткендигин айтышат. Кыргызстанга сырттан автомашина алып келип саткан соодагерлердин айтуусунда баалардын көтөрүлүшүнө доллардын куну кетип, евронун көтөрүлүшү чоң себеп болду, анткени ортодогу айырма бир автомобилдин баасын орто эcеп менен миң долларга кымбаттатып коюуда. Мындан тышкары автомашинаны апкелип, аны базарга алып чыкканга чейинки керек болгон тиешелүү документтерин алуу үчүн оңду-солду берилген акчанын көбөйүшү да баанын өсүшүнө алып келүүдө. Алардын негизгиси — автомобилдерди бажы каттоосунан өткөрүп, МАИге каттоого коюу болуп саналат. Анткени баягы эле кендирди кескен коррупция бул жерди да каптаган. Автоишкерлердин айтуусу боюнча автомобилдерди бажы каттоосунан өткөрүп, МАИге каттоого коюуда ар бир машина үчүн 500 сомдон 5000 сомго чейин “ашык” акча же “шапке” төлөөгө туура келет. Бажы каттоодон өткөрүүнүн расмий тарифтери ар бир машинанын заводдон жасалып чыккан жылына жана кубатына карап өлчөнөт. Алсак: 1990-жылы чыккан Ауди 100 маркасындагы автомашинаны бажы каттоосунан өткөрүү 460 доллар болот. Ал эми МАИге каттоого коюу 1800 сом. Автоишкерлер бул тууралуу ачык айтууну жактыра беришпейт.

Көп жылдан бери чет жактан Кыргызстанга колдонулган автомашиналарды апкелип сатуу менен алектенген Эралы Бакиевдин айтуусунда баалар Европанын өзүндө кымбаттады:

- Евронун кымбаттаганы автомобилдердин бааларын миң долларга кымбаттады. Ауди маркасындагы автомашинанын жакшы абалдагылары 5,5-6 миң долларга чыкты, ал эми Мерседес автомашинасынын 90-жылдан беркилери 9-10 миң долларга чыкты. Фольсфаген, Мазда машиналары 3,5-4 миң доллар болуп атат. Мындан тышкары бажыдан өткөрүү, каттоо сыяктуу иштерге шапкеси менен көп каражат кетет.

Токтосун Шамбетов он төрт жылдан бери Германиядан автомашина ташып иштейт. Анын айтуусунда кийинки убакта ишкерликтин мындай түрү кирешесине караганда чыгашасы көбүрөөк болууда:

- Бир машинадан 100-200 доллар эле пайда көрөбүз. Биздин Кыргызстандын жолдоруна чыдайт деп Ауди, Мерседес, Мазда автомашиналары эле чыдайт. Бир жагынан арзан, тетиктери да оңой табылат. Ошол үчүн бул машиналарды көбүрөөк ташыйбыз.

ТҮШТҮКТӨ ДА БААЛАР КЫМБАТ

Ош, Жалалабат аймактарында Түштүк Кореянын күйүүчү майды аз ичүүчү автомашиналарына суроо-талап күч. Бирок ушул тапта “Тико” маркасындагы чакан автомашиналардын да баалары өсүп кетти, дешет автосүйүүчүлөр. Кыргызстандын түштүгүндөгү жападан-жалгыз автобазар Ош шаарында жайгашкан.


Аталган автобазарга чет өлкөдөн машине ташыган Аманулло “Тико” Кореяда 800-1000 доллар тураарын, бирок жол киресин, бажы төлөмдөрүн кошкондо нарк көбөйүп кетерин, ар бир автоунаадан 50-100 доллар гана калаарын билдирди:

- Түштүк Кореядан апкелебиз. Өзүбүз апкелебиз. Ооба, кымбаттап кетти, баягы баалар жок.

Базардагы эң арзан автомашина абалына жараша б Орусияныкы, 2000-2250 доллардын тегерегинде.


КЫРГЫЗСТАНДЫН АВТОБАЗАРЫ ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАНДАРДЫН КОЛУНДА

Чет жактан автоунаа апкелип саткан ишкерлердин саны жыл санап көбөйүүдө. Ишкерлердин өздөрүнүн айтуусунда Кыргызстандын автобазарында чет элдик жарандар үстөмдүк кылышат. Он алты жылдан бери автомобиль апкелип сатуу менен алектенип жүргөн ишкер Бакыттын айтуусунда учурда жергиликтүү ишкерлердин ишине Пакистандык жарандар тарабынан көп тоскоолдуктар болууда:

- Автобазарда атаандаштык күчтүү. Анан дагы Жапониядан келген машиналардын базарын Пакистандык жарандар ээлеп алган. Анткени Жапониянын өзүндө жашаган 1,5 млн. пакистандыктар ушул машина алып сатуу менен иштешет. Алар өздөрүнүн туугандарын жиберип, Кыргызстандын базарын да ээлеп алышкан.

Бакыттын айтуусунда автомобиль апкелип сатуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө бут тоскон коррупциянын өсүшүнө дал ошол чет элдик жарандар себеп болууда:

- Алар бажы, МАИ, темир жол станциясын баарын акча менен колго алып коюшкан. Бул тармактардын кызматкерлери пакистандыктардын документтерин көтөрүп алып, өздөрү чуркап жүрүшөт. Биз да беребиз акча, бирок азыраак. Ошондуктан, дайыма биз кийинки орунда турабыз. Пакистандыктардын жогорку бийлик бутактарында да колдоочулары бар, алар автомобилдерин базарга алып чыгып сатпайт, шаарга машина саткан түйүндөрдү ачып алышкан. Аларга көп жеңилдиктер бар, аны көпчүлүк эл билет.

Кыргызстанга темир жол аркылуу АКШда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда чыгарылган автомашиналар жүктөлгөн жыйырма вагон келип түшөт. Алардын ар биринде үч-төрт автомобил болот. Мындан тышкары ушундай эле өлчөмдө Германияда жана Европа өлкөлөрүнөн чыгарылган автомашиналар темир жол, автожол аркылуу келет. Өткөн жылы мамлекеттик авто инспекциясы чет жактан айдалып келген 75 миңге жакын автоунааны каттаган.

Автоишкерлердин айтуусунда, Япония менен Американын автомобилдери сапаттуулугу жана арзандыгы менен айырмаланышат. Мына ушул себептен кийинки убактарда бул машиналарга суроо-талап көбөйүүдө. Бирок ошентсе да Кыргызстандын жолдору үчүн ыңгайлуу жана чыдамдуу деп саналган, баасы жана тетиктери арзан немис машиналары бүгүнкү күндө автобазардагы эң өтүмдүү автомобилдерден болуп калышууда.

XS
SM
MD
LG