Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:47

СЕРБИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИ ТАНДАП ЖАТЫШАТ


Бүгүн Сербияда президенттик шайлоо өтүп жатат. “Анда ким жеңет?” деген суроо сербдердин гана эмес, жалпы эле дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп турган кези. Анткени, президенттикке ат салышкан негизги эки талапкердин тышкы саясаты бири-биринен кескин айырмаланат. Мисалы, Борис Тажич Сербияны Европа Биримдигинин мүчөсү катары көрсө, анын башкы атаандашы Томислав Николич славян элдеринин биримдигин колдоп, өлкөнү Маскөө тарапка багыттай турганын эч жашырбайт. Бул өлкөнүн айланасында кыйладан бери талаш-тартыштуу маселе бер экени да көпчүлүккө маалым. Батыш өлкөлөрү негизинен Сербиянын курамындагы албандар жайгашкан Косового көз карандысыздык берүү керек дешсе, Орусия ага каршылыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG