И. Чудинов өкмөт башчы катары чет өлкөгө жасаган алгачкы сапарынын жүрүшүндө Евразия экономикалык шериктештигинин мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышмакчы. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиришинче кыргыз премьер-министри Орусиянын, Казакстандын өкмөт башчылары, мамлекеттик «Росатом» корпорациясынын, «Газпром» ААКсынын башчылары менен да жолугушат. (EBM)