Президент Тадич жекшемби күнкү шайлоодо утулганын моюнга алган жок. “Экинчи айлампаны чыдамсыз жана чоң оптимизм менен күтөм,президенттик шайлоодо жеңип чыгарыма толук ишенем”,- деп айтты Тадич кечээ добуштардын алгачкы болжолдуу натыйжалары дайын болгон соң.
Тадич 2004-жылы да шайлоонун биринчи айлампасын азыркы атаандашына уттуруп жиберген эле. Экинчи турда ага “элдик блоктогу” күчтөр колдоо көрсөтүп, Николичти болор болбос артыкчылык менен жеңип алган. Тадич бу жолу да ушундай болоруна ишенет.
Тадич – батышчыл ыкыластагы саясатчылардан. Ал Сербияны эки бирдей милдетти чече алат - келечекте Евросоюзга мүчө боло алат жана Косово менен Метохияны өз курамында сактап кала алат деп эсептейт. Тадич жекшемби күнү шайлоодо бул идеянын калк арасында абдан алымдуу экенин көргөнүн билдирди.
Радикалдардын лидери Николич болсо, тетирисинче, сербдер башка программаны жактады деген ишенимде.“Сербия өзгөрүүлөргө умтулган менин мүдөөмдү колдоду, өлкөнүн жарандары муну ырастады”, - деп айтты Николич. Күрөштүн күрдөөсү өтө кыйын болгонун белгилеп, ал экинчи айлампадагы жеңишке жол ачылганын кошумчалады.
Николич Сербияны Россия жана Кытай менен жакындаткысы келет. Бул эки өлкө тең Сербиянын бөлүнгүс мамлекет бойдон калышын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде катуу жактап жатат. Николич ошол эле учурда Батыштан биротоло кол үзүп кеткенди да каалабайт, Сербиянын Евросоюзга кошулушун түпкүлүгүндө колдойт.
Белградда бүгүн добуштардын санагы уланууда.Эркин шайлоо жана демократия үчүн борборунун эксперти Зоран Лучич биринчи айлампада Томислав Николич – 39, Борис Тадич - 35 проценттен ашуун добуш алышарын болжолдоп, алар эмдиги айламага чыгат деп күтүп жатышканын билдирди. Алдыдагы эки апта өтө кызык болот - эки талапкер тең шайлоочулардын бүйүрүн кызытууга тийиш, дейт Лучич. Жекшембиде шайлоочулардын 60 проценттен ашууну добуш беришти.
Байкоочулар 3-февралда ким утуп чыгат, бу көп жагынан чийинден тышта калган талапкерлердин жактоочуларына жараша болот дешет. Николич - социалисттердин, Тадич - либерал демократтардын колдоосуна үмүт кылат. Бирок мандаттын тагдырын барып-келип Сербияда таасирдүү күч эсептелинген азыркы премьер-министр Воислав Коштуницанын “элдик блогу” чечиши ыктымал.