Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

ПАКИСТАН ПРЕЗИДЕНТИ ЕВРОПАДАН ЖАҢЫ КОЛДОО ИЗДӨӨДӨ


Пакистан президенти Первез Мушараф сегиз күндүк иш сапары менен Европада жүрөт. Бул иш сапары учурунда ал Батыштан эл аралык колдоо издеп, өзүнө карата ишенимди чыңдоону көздөөдө. Мушарафтын өлкөдө демократияны калыбына келтирүү жөнүндөгү убадалары жана алдыдагы парламенттик шайлоо сүйлөшүүлөрдө ал көп кабылуучу суроолордон болчудай.

Жекшембиде Брюсселден Европадагы сапарын баштап жатып Мушараф өлкөсү демократиялык нукту карманарына, 18-февралдагы парламенттик шайлоо эркин, ачык жана адилет өтөрүнө ишендирди:

-Алдыдагы шайлоо ачык, адилет жана тынч маанайда болот. Биз шайлоо учурунда тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылабыз. Армия жана мен өзүм ушул максаттарды орундатуу багытында иштейбиз. Тарых Пакистанда Беназир Бхутто киши колдуу болгондой окуяны кайталабайт деп үмүттөнөбүз.

Дүйшөмбү күнү Пакистан лидеринин Брюсселде Евошаркеттин жана НАТОнун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрү белгиленген. Бельгиядан соң ал Францияга, Швейцарияга жана Британияга барат.

Бийликке 1999-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу келген Первез Мушараф мындан эки жылдан соң Кошмо Штаттар баштаган антитеррордук кампанияга кошулган эле. Ага катар өлкөдө демократияны толук калыбына келтирүүнү убада кылган.

Бирок оппозициянын талабына жана Батыштын кысымына карабай, өткөн жылдар көргөзгөндөй, Пакистанда демократия азырынча толук калыбына келген жок. Ал эми Мушарафтын мекенинде стабилдүүлүктү сактоо аракеттери кыянатчылыктар менен коштолду. Өткөн жыл ичи эле түрдүү кол салуулар менен жардыруулардан жүздөгөн бейкүнөө адамдардын, анын ичинде оппозиция лидери, мурдагы премьер- министр Беназир Бхуттонун өмүрү кыйылды.

Первез Мушарафтын Европада бир аптадан ашуунга созулуучу иш сапары учурунда анын демократияны толук калыбына келтирүү, Беназир Бхуттонун өлүмүнөн кийин террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү жөнүндөгү убадалары жана 18-февралдагы парламенттик шайлоого байланышкан маселелер көтөрүлүп, маалыматтарга караганда, Пакистан лидери бул багытта катаал суроорлорго кабылчыдай.

Батыш ошондой эле Пакистандын 50гө жакын өзөктүк дүрмөтүнүн коопсуздугунан да тынчызданат.

Первез Мушараф Брюсселден соң Парижге келип, француз президенти Николья Саркози жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен кездешет. Ал эми Швейцариянын Давос калаасындагы экономикалык форум учурунда АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, ооган президенти Хамид Карзай, Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Европа сапарынын соңунда Британияда болмокчу.

Оппозиция лидери Беназир Бхуттонун өлүмү боюнча тергөөгө жардам берүү үчүн Британия Пакистанга өз адистеринин тобун жөнөткөн. Бхутто кандай жагдайда мерт болгону: жанкечти жасаган жардырууданбы же ок жеп каза тапканы боюнча азыр карама –каршы маалыматтар айтылууда.

Пакистан өкмөтү анын өлүмү үчүн Байтулла Мехсуд аттуу колбашчыны айыптаган эле. Кошмо Штаттардын чалгын кызматы да дал ушундай эле тыянак жасады. ЦРУнун директору Майкл Хайден өткөн аптада "Вашингтон Пост" гезитинине берген интервьюсунда Пакистандын мурдагы премьер- министри Беназир Бхутто "Байтулла Мехсуддун айланасындагы адамдар" тарабынан өлтүрүлгөндүгү боюнча аларда шек жок экенин белгилеген.

Өткөн ишембиде Пакистандын коопсуздук кызматтары Айтзаз Шах аттуу он беш жаштагы өспүрүмдү камакка алганы маалым болду. Ал "ал-Каида" тарабынан Беназир Бхуттону өлтүрүүгө даярдалган топтун курамында болгонун билдирген. Анткен менен Бхуттонун Пакистан элдик партиясы, "Financial Times", "Independent" өңдүү батыштык басылмалардын жазганына караганда, бул маалыматка ишенбөөчүлүгүн билдирип, анын өлүмү боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү мурдагы чакырыгын кайталады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG