Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

ПАРЛАМЕНТ АКВАРИУМДАГЫ БАЛЫК КЕЙПИН КИЙГЕН ЖАТАБЫ?


Парламент бүгүн «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу” мыйзам долбоорун карап баштады. Жаңы регламенттеги негизги өзгөртүүлөр бири - жыйында ар бир фракциядан бир гана өкүл сүйлөйт деген берене бир топ талаш-тартыштарды жаратууда. Айрым депутаттар муну укуктарын чектөө катары баалашып, ал конституцияга каршы келээрин айтышса, айрымдары бул долбоор азыркысындай кабыл алынса аквариумдагы балыкка окшоп калышаарын кыйытышты.

Бүгүнкү жыйында алгач парламенттин Этика жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Алишер Сабиров жаңы регламент боюнча маалымат берди. Ага караганда, бул долбоор мурдагысынан бир топ айырмаланат. Маселен, депутаттар эми ар кайсы маселелер боюнча буга чейинкидей ар дүйшөмбү сайын эмес, айына бир гана жолу сөз кылышат. Эгер депутат жүйөөлүү себеп менен жыйынга катышпай калса электрондук добуш берүүдө анын ордуна ошол фракциядагы башка депутат добуш берсе боло берет. Баарынан да жаңы регламенттин 28-беренесиндеги талкуу учурунда ар бир фракциядан бир гана өкүл сүйлөйт деген маселе өзгөчө талаш-тартышка түштү.

Депутат Алишер Сабиров муну партиялык тизме менен шайланган парламенттин табиятына ылайык жасалып жатканы менен түшүндүрдү. «Биз негизги басым комитеттерге өтсүн, мыйзам долбоорлору 90 депутат катышкан жалпы жыйында эмес, комитеттер менен фракцияларда прфессиналдуу деңгээлде талкуулансын деп жатабыз» -деди депутат Сабиров. Ошентип бул регламентке ылайык маселени талкуу комитеттер менен фракцияларда жүргүзүлүп, жалпы жыйынга добушка коюу үчүн гана чыгарылышы керек.

Мындай сунушту депутаттардын көпчүлүгү депутаттардын укугун чектөө катары баалашып, ошол эле «Ак жол» фракциясынын айрым депутаттары да анын азыркы калыбында кабыл алынышына каршы чыгышты. Маселен, депутат Ибрагим Жунусов «депутаттардын мүмкүнчүлүгүн чектебеш керек, биздин деле айта турган оюбуз, сүйлөй турган сөзүбүз бар, бизди аквариумга салып койгон балыкка окшотпош керек» - деп айтса, бул фракциянын дагы бир депутаты Жангороз Каниметов мындай өзгөртүү туура эместигин суроо-жооп учурунда да, талкуу учурунда да кайра кайра белгиледи:

- Жыйында депутаттардын сөз сүйлөөсүн, суроо берүүсүн чектеп коюу туура эмес. Парламенттин кадыр-баркы, калыптанышы, өз оюн айтышы чоң маселе. Депутат сөзсүз өз оюн айтышы керек. Парламент ошентип калыптанат, ошентип өсөт…

Депутат Кабай Карабеков болсо бул регламент ушул турушунда кабыл алынса анда мандатты таштап кете берүү эп экендигин айтса, СДПдан шайланган жаш депутат Руслан Шаботоев мындай чектөөнү жаш депутаттардын канатын кайруу катары баалап, азыркы төрага Адахан Мадумаров да парламенттен такшалып чыкканын эске салды.

СДП фракциясынын дагы бир депутаты Дамира Ниязалиева кесиптештерин добуш берүү учурунда биз унчукпай отуруу үчүн келгенбизби же иштөө үчүнбү деген суроону унутпоого чакырды.

Депутат Иса Өмүркулов болсо депутаттарды парламентте чыгып сүйлөө укугунан ажыратуу конституцияга каршы келерин белгилейт:

- Бул жерде конституциялык нормалар бузулуп жатат. Сөз эркиндиги, ой эркиндиги биздин конституцияда корголгон. Ошого ылайык биз оюбузду айтып, суроо бере албасак, анда биздин депутат деген статусубуз жоголуп атат.

Ошентип бүгүнкү жыйында сөз сүйлөгөн депутаттардын көпчүлүгү мындай өзгөртүүгө каршылыгын билдиришип, аны кайра иштеп чыгуу сунуштарын айтышты. Ушундай талаш-тартыштардан соң парламент бул маселени кароону эми бейшемби күнү уланта турган болду.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG