Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

22-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстан Жогорку Советинин 1991-жылдын 22-январында өткөн III сессиясында Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинети туурасында мыйзам кабыл алынды. «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аттуу ураан 1994-жылдын 22-январында өткөн Кыргызстан калкынын I Курултайында айтылды.

Орус саякатчысы Филипп Ефремовдун Ортоазияга арналган китеби 1794-жылдын бу күндөрү окуурмандын колуна тийди. Саякатчы Бухара, Хива, Персия жана Индияга жасаган саякат маалында өткөн окуяны саймедиреп, Ош менен Кашгар арасында кыргыздар жашай тургандыгын кабарлаган.

Кыргызстан коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин 1958-жылдын 22-январында өткөн бюросунда белгилүү илимпоз Касым Тыныстанов мурдагы күнөөлөрүнөн толук акталды.

Кыргызстандагы биринчи профессор, азыркы кыргыз тилинин калыптанышына зор салым кошкон Касым Тыныстанов 1938-жылы кандуу репрецияга кабылган. К. Тыныстановдун иши тийиштүү мекемелерде каралгандан кийин, партия бюросу бул маселеге чекит койгон. Бирок К. Тыныстановдун эмгектери Кыргызстан эгемендик алганга чейин ачыкка чыгарылбай, өмүр баяны иликтенбей келди.

Кыргызстан Жогорку Советинин 1991-жылдын 22-январында өткөн III сессиясында президент Аскар Акаев парламентке Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетин куруу сунушун киргизди. Парламенттик талкуу натыйжасында, «Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинети туурасында» Мыйзам кабыл алынып, мамлекеттик башкаруу структурсы жана алардын кызмат милдеттери аныкталды. Мыйзамда каралгандай мамлекеттик бийликке вице-президент кызматы киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктары белгиленди. Мыйзамдык өзгөрүү натыйжасында, жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укуктары жана алардын милдеттери түп тамырынан өзгөртүлдү. Жаңы министрлер кабинети туурасындагы мыйзамга жараша, премьер-министрлик кызматка-Насирдин Исанов, мамлекеттик катчылыкка-Турар Койчиевдер шайланышты.

«Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аттуу ураан 1994-жылдын 22-январында соңуна чыккан Кыргызстан калктарынын I Курултайында кабыл алынды. Курултайда Кыргызстанда жашаган калктардын көйгөйү козголуп, этникалык топтор арасындагы ынтымак, ырашкерчиликти арттыруу керектиги белгиленди. Курултай соңунда Кыргызстан калктарынын Ассамблеясы уюшулуп, анын жетекчилигине таанымал саясий жана коомдук ишмер С. Бегалиев шайланды. Кыргызстан калктарынын Ассамблеясына Славяндар фонду, ахысхалык «Астүрк», корейлердин «Чинсон», уйгурлардын «Иттипак», өзбектердин «Орзу», немецтердин «Фольстрат», курддардын «Ныштиман», дунгандардын ассоциасиялары, татар-башкорт калктарынын «Туган тел» маданий борбору, еврейлердин «Менора» маданият коому баш кошкон.

Президент Аскар Акаевдин 2004-жылдын 22-январындагы Жалалабад областынын коомчулугу менен жолугушуу маалында, айрым адамдар мамлекет башчысынын бийлик мөөнөтүн узартуу жана ага Кыргыз Эл баатыры наамын ыйгаруу туурасында сунуштарын киргизишти.

Бу күнү, 1724-жылы Россия илимдер Академиясы уюшулуп, 1905-жылы падышалык аскерлер бейпил демонстацияны атып, 1775-жылы атактуу француз илимпозу, физик, математик жана химик Ампер Андре Мари, 1788-жылы айтылуу англис акыны Джордж Ноэль Гордон Байрон, 1947-жылы акын Кубанычбек Адамалиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG