Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:06

МАТЬЮ БРАЙЗА: ГРУЗИЯНЫН НАТОго КОШУЛУУ ДЫМАГЫН АКШ КОЛДОЙТ


Михаил Саакашвили жекшемби күнү Грузиянын президенти катары ырасмий түрдө такка отурду. Ал 5-январда өткөн шайлоодо 53 процент добуш алып, экинчи мөөнөткө президент шайланган. Кезексиз президенттик шайлоодогу өткөрүүгө өкмөт менен оппозиция арасындагы катуу араздашуу түрткү болгон. Өлкөдөгү жагдай, Тбилиси-Москва мамилеси, Грузиянын НАТОго кошулуу планы жөнүндө АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Матью Брайзанын “Азаттык” үналгысынын грузин кызматына маек куруп берди.

Президенттик шайлоо маалында айрым мүчүлүштүктөр болсо да, мыйзам бузуулар жалпы мүнөзгө ээ эмес. Матью Брайзанын айтышынча, АКШнын элчилиги Грузиядагы шайлоонун жүрүшүн кылдат изилдеп, ушундай жыйынтыкка келген. Элдин Саакашвилинин тарапкерлери жана каршылары болуп эки жаатка бөлүнгөнү - жазда болчу парламенттик шайлоону жакшы уюшкандыкта өткөрүү зарылдыгын айкын көрсөттү дейт Брайза:

-Бирок, берегидей олуттуу кемчиликтер жана элдин маанайы аларды президенттин тарапкерлери жана каршылары кылып теңме-тең бөлдү. Мунун баары парламенттик шайлоого чейин шайлоо жараянын жакшыртуу зарылдыгын жана президент ант берүү аземинде айткандай, өкмөт эл менен тыкыс иштөөсү абзел экенин айгинеледи.

Брайза Саакашвили ант берүү аземинде сүйлөгөн 40 мүнөттүк сөзүндө айткан маанилүү үч темага токтолду:

Биринчиси, өкмөт менен оппозицияны, бардык этникалык топторду сабырдуулукка жана элдешүүгө чакырды. Анын бул сөзү региондордогу маанилүү улуттук азчылыктарга жана Грузия - Орусия мамилесине багытталды. Бул болочокту ойлоп, элдешүүгө чакырган өтө маанилүү кадам. Экинчисиси, экономикалык реформа менен экономикалык өсүүнүнүн жыргалын бардык эл, айрыкча, айыл- кыштак эли көрсүн деди. Аны аткаруу үчүн үч бөлүктөн турган 50 күндүк планды сунуш кылды. Вашингтондун көзү менен караганда, бул өтө сонун кабар.

“АКШ Грузиянын НАТОго кошулуу планын колдойбу?” деген суроого:

-Өкмөтүмдүн бул багыттагы саясаты жөнүндө муну гана айта алам: Биз Грузиянын НАТОго кошулуу ниетин толук колдойбуз. Эми эле өткөн референдумда Грузия элинин төрттөн үчүнө жакыны же басымдуу көпчүлүгү бул планды колдоду.- деди АКШнын Мамкатчысынын жардамчысы Матью Брайза. Ал Вашингтон Грузияда бир гана адамды колдойт деген пикирди четке какты:

- Биз (АКШ) бул өлкөдө жалгыз инсанды колдойт деген жалчыбаган кеп деп ойлойм. Биз демократияны, демократиялык өнүгүүнү жана демократиянын бардык компонентерин, анын ичинде оппозицияны колдогонубуз анык.

XS
SM
MD
LG