Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

“АЛТЫЛЫК” БЕРЛИНДЕ КАЙРАДАН ИРАНДЫН ИШИН КАРАЙТ


Бүгүн Берлинде алты өлкөнүн өкүлдөрү жолугуп, Ирандын маселесин талкуулашат. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарда АКШ Тегеранга экономикалык жаңы санкцияларды жарыялоону сунуш кылганы жатканы айтылат. Буга Кытайды ынандырганы өткөн аптада Вашингтондун өкүлү Пекинде болгон эле.

Пекинде,атап айтканда, мамлекеттик катчынын орунбасары Жон Негропонте кытайлык ырасмий өкүлдөр менен жолугушуп, бир катар маселелер менен бирге Тегерандын атомдук проблемасын да козгогон.

Буга катарлаш Пекинде Ирандын жогорку даражалуу өкүлү Саид Жалили эки күн болуп, бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кытайлыктар Тегеранды Коопсуздук Кеңешинин талаптарын аткарууга, эл аралык коомчулук өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдө ийкем болууга чакырышты, бирок жаңы санкциялар демилгеcин колдоор-колдобосун ачык айтышкан жок.

Берлинде бүгүн ачылганы жаткан жыйында алтылыктын өкүлдөрү - Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү АКШ,Британия, Кытай, Россия жана Франция менен бирге Германия иран проблемасын чечүүнүн жолдорун талкуулашат. Дипломатиялык бир катар булактар ырасташкандай, Вашингтон эл аралык коомчулуктун талаптарын таңазар албай, уран байытуу ишин улантып жаткан Тегеранга күчөтүлгөн санкцияларды жарыялоону караган жаңы резолюция иштеп чыгууну сунуш кылмакчы. Бирок буга Кытай менен Россия кайрадан каршы чыгат дешет.

Өткөн аптада МАГАТЭнин башчысы Мохаммед ал-Барадей Тегеранда болуп, уюмду кызыктырган бардык маселелер боюнча толук жана ачык-айкын жооп берүүгө иран өкмөтүнүн убадасын алды.Тегеран бул ишти,айтымда,төрт аптанын ичинде бүткөрүүгө сөз берди.
Аптанын этегинде Россия Ирандын Бушердеги атомдук электрстанциясы үчүн ядролук отундун кезектеги партиясын жөнөттү.

Муну айыптап, Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни орустардын ядролук отунун ирандыктар курал жасоо үчүн колдонушу ыктымал деген кооптонуусун билдирди. “Иранга ядролук курал программасын өнүктүргөнгө жол бербөө керек, бу максатта бардык күч-аракетти, эл аралык санкцияларды жана башка чараларды көрүү зарыл”, - деп айтты Ливни Москвада орус тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң.

Бирок Сергей Лавров орустардын ядролук отунун Иранды уран байытуудан айнытуунун, анын эл аралык коомчулук менен мунаса табышына жол ачуунун маанилүү каражаты катары коргоду. “МАГАТЭнин Иранда иштөө мүмкүнчүлүгүн тарытпастан, тескерисинче, кеңейтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек, бул өтө маанилүү”,- деп белгиледи орус министри.

XS
SM
MD
LG