- Сиздер өткөн аптада Оштун жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарын кыдырып, элдин абалы менен таанышып келдиңиздер эле. Акыбал кандай иш жүзүндө?
- Биз Карасуу районун бүт кыдырып чыктык, анан район, кыштактарды. Абал өтө оор. Көп үйлөр жараксыз болуп калган. Көп мектерде балдарды окутуу мүмкүн эмес. Азыркы учурда кыш абдан суук. Ошондуктан жалпы элдин абалы оор десек болот.
- Ар кайсы жактан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшү кандай болуп жатат, анткени нааразылыктар болуп атты эле?
- Биз барып сүйлөшкөндө көп деле нааразылыктарды уккан жокпуз. Жалпысынан биринчи жардам берүүдө эл ыраазы эле болуп атты. Көмүр, кийим-кече, оокат жагынан жакшы эле жардам берип атат деп айтты. Бирок андан тышкары эртеңки чечиле турган маселелерди коюп атышты биздин алдыбызга.
- Мисал үчүн?
- Мисал үчүн курулуш материалдар арзан баа менен берилеби деген маселе коюлуп атат. Анткени эл азыр ойлонуп атат, мына жаз келгенден кийин жалпы жараксыз болгон үйлөрдү кантип кайра тургузабыз деп. Экинчи маселе болсо, бизге жер берилеби деген маселени коюп атат. Үчүнчү, канчалык биздин коопсуздугубузга кепилдик бар деген. Анткени, эки жолу жер титирөөдөн кийин эл чочулап калыптыр.
- Эми сөздү парламентке буралы. Парламенттин жаңы регламенти боюнча Жогорку Кеңеште түрдүү пикирлер айтылып атат. Айрым депутаттар пленардык отурумдагы жалпы талкууну жоюу депутаттардын өз оюн айтып сүйлөө укугунан ажыратуу деп кабыл алышууда. Сиз кандай пикирдесиз?
- Жалпысынан парламенттин азыр түрү өзгөрбөдүбү, партиялык тизменин негизинде түзүлгөн парламент. Ошондуктан парламенттин иши сапаттуу болуш үчүн, биринчи иретте өтө сапаттуу ишти комитеттерде, фракцияларда өткөрүп, анан албетте пленардык дагы отуруштарда иш өтө жакшы өтүш керек. Ошондуктан депутаттарга сүйлөгөнгө, өзүнүн ой-пикирин айтканга толук мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериш керек.
- Бул комитеттер менен фракцияларга?
- Жок, жалпы пленардык отуруштарга, заседаниелерге ошондой шарттарды түзүп бериш керек.
- Ошол эле учурда коомчулук тарабынан дагы парламент буга чейин эң эле көз карандысыз эркин бийлик бутагы деп эсептелчү. бул жаңы регламент менен парламенттин да оозун жабууга аракет болуп жатат деген пикирлер айтылып атат. Сиз кошула аласызбы?
- Албетте, анткени азыркы учурда жалпы Кыргызстанды башкаруу таптакыр башка жол менен кетип атпайбы. Авторитардык моделди түзүп туруп, анан жогору жактан кандай айтылса, бардыгы ошону угуп, ошону менен иш жүргүзүш керек деген философияны ишке ашыргысы келип жатпайбы, аны бардыгы эле көрүп атпайбы. Менин жеке пикирим боюнча бул Кыргызстандын жаңы тарыхына туура келбейт. Анткени жалпы сөз эркиндиги, жалпы демократияны бузуп туруп эле башка жагына өтүп кеткени, ал биздин өнүгүүгө шек келтирет.
- Маегиңизге чоң ырахмат.