Токионун биржасында “кара дүйшөмбүдөн” бери акциялардын баасы жалпы эсепте 140 миллиард долларга арзандады. Бүгүнкү соода-сатык жабылган маалда өлкөдөгү негизги 225 компанияны бириктирген Никкэйдин индекси дээрлик төрт процентке төмөндөдү. Түштүк Кореяда, Австралияда, Гонконгдо, Кытайда жана Тайванда негизги индекстер алты процентке чейин ылдыйлады. Индияда бул көрсөткүч 10 процентке жетип, биржада соода токтотулду.
Гонконгдогу ири компаниянын башкы жетекчиси Франсис Лун биржаларда эки күндөн бери жүрүп жаткан керагар көрүнүштүн башкы себебин биринчи кезекте финансы рыногунда АКШнын экономикасына ишеним жоголуп, рецессия, б.а. өндүрүштүн төмөндөө процесси башталат, ипотекалык кризистин проблемалары бүткүл финансы институттарынын кризисине алып келет деген кооптонуу күч алып баратканы менен түшүндүрдү.
Өткөн аптада АКШ президенти Жорж Буш өлкөнүн экономикасына дем берүү максатында бир катар чараларды сунуш кылган эле. Алардын баары инвесторлорду апалаң-тапалаңга түшүрүп, алар акцияларын массалык түрдө апыл-тапыл сатканга киришти.
Шейшемби күнү эрте менен Лондондогу,Париждеги жана Франкфурттагы биржаларда негизги индекстер орточо 5-7 процентке төмөндөдү. Россияда да алар 7 процентке ылдыйлап, өткөн жылдын сентябрындагы деңгээлге түштү. Мындай көрүнүш дүйнөлүк биржаларда 2001-жылдын 11- сентябрындагы АКШдагы террордук балааматтардан бери байкала элек болчу.
Люксембургдун премьери жана финансы министри Жан-Клод Юнкер: “АКШда экономикалык жагдай ырастан эле начарлап баратат. Соңку бир нече айдын ичинде АКШда рецессия болушу мүмкүн экенин бир нече ирет эскерткен элек, бирок азырынча ушундай болду деп айта албайбыз. Кокус Кошмо Штаттарында чындап эле рецессия башталса, анда ал еврозонадагы экономикалык жагдайга олуттуу салакасын тийгизет”,- деп билдирди.
Испаниянын финансы министри Педро Солбес дүйшөмбү күнү Брюсселде болуп өткөн жыйында АКШдагы кырдаалга рынок,балким, ушундай кыяпта мамиле жасаган чыгар деген кыязын билдирип, кантсе да ала чапма тыянактарды чыгарбай турууга чакырды. Ошол эле учурда ал кандайдыр бир олуттуу процесс башталганын, ага сөзсүз көңүл буруу керектигин да моюнга алды.
Финансы иштери боюнча белгилүү эксперттердин бири Мартин Хеннеке кеп баарыдан мурда ипотекалык жана субстандарттык кредиттердин аласасына байланышкан проблемалар тууралуу болуп жатканын белгиледи. Муну эксперт бардык деңгээлдеги карыздардын, анын ичинде Батыш өлкөлөрүндөгү мамлекеттик карыздардын чыныгы кризиси деп баалады. “Бул өтө олуттуу нерсе, муну рецессия процессинин, атүгүл 1929-жылдагы АКШдагы депрессияга окшогон экономикалык бүлүктүн башталышы катары кароого жүйөөлөр бар”,- деп айтты Хеннеке “Азаттыкка”.