- Биздин өлкөдөгү абалга келсек. Жаш балдардын арасындагы өлүмдүн себептери кандай?
- Аны бир нече тараптан караса болот. Мисалы, бир жашка толо элек балдарды карасак, бул куракта чарчап калган ымыркайлардын 60 пайызы биринчи айда эле көз жумат. Андыктан бул абдан оорчундуу мезгил. Кыргызстанда саламаттыкты сактоо деңгээли жакшы эле десек болот: иммунизация өз убагында, төрөт адистери бар, коомчулукка ачык төрөтүү үйлөрү бар. Бирок төрөт кызматынын деңгээли анчейин жетишээрлик эмес. Мисалы, төрөт маалында кыйынчылыктар пайда болсо, врачтар эмне кылууну жакшы билеби, абал өтө оорлоп кетсе, энени мүмкүнчүлүгү чоңураак башка төрөт үйүнө өз убагында которуу мүмкүнбү? Мына ушул жаатта Кыргызстанда кемчиликтер көп.
- Сиздин баамдашыныз боюнча, Кыргызстан бийлиги бул маселе үстүндө кандай иштеп жатат?
- Өкмөт бул маселе тууралу билет. Чынын айтканда, көйгөй үстүндө иш алып барууда Кыргызстан саламаттыкты сактоо министирлиги улуттук стратегияны даярдап жатат. Анда аталган кемчиликтер да каралып жатат: төрөт адистерин даярдоо, боюнда бар аялдарды тиешелүү төрөт үйүнө тез жеткирүү, тиешелүү керектүү жерлерди техника менен камсыздоо. Бирок биз жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык, бир да өкмөттүн колунан келбеген жагдайлар да бар. Аны эл өзү кылыш керек. Мисалы, алты айга чейин ымыркай эненин сүтү менен гана тамактаныш керек. Аны эне кылбаса, эч кандай өкмөттүн колунан келбейт.
Мамлекеттин колунан келген дагы бир маселе, мыйзам чыгаруу жаатында, бул – унду темир менен байытуу. Төрөгөн аялдар да, балдар да оганизминде темир жетишпегендиктен көп жапа чегет. Андыктан, ундун курамында тиешелүү дэңгээлде темир жана башка минерал-витаминдер болуусун камсыз кылган мыйзам керек.