Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

ОРУС ОППОЗИЦИЯ САЯСАТЧЫСЫ М. КАСЬЯНОВГО КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Россиянын башкы прокуратурасы экс-премьер-министр Михаил Касьяновго каршы кылмыш ишин козгоду. Аналитиктер бул – акыркы оппозициялык талапкерди президенттик жарыштан четтетүү аракети деп баалашууда.

Оппозициядагы саясатчы, мурдагы өкмөт башчы Касьянов президенттик кандидат катары катталыш үчүн 2 миллион кол топтоп тапшырган.
Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Татьяна Чернышованын ырастоосунда, Ярослав облусундагы Рыбинск шаарында чогултулган тизмедеги кээ бир колдор жасалма болуп чыкты:

-Касьяновду колдогон демилгелүү топтун бир катар мүчөлөрү 3 жарым миңдей кол камтылган тизмени фальсификациялаганы аныкталды. Россия Федерациясынын кылмыш жаза кодексиндеги 142-беренеге ылайык, бул кылмыш болуп эсептелет жана мыйзам бузуулар тууралуу материалдар кылмышын ишин козгоо үчүн Рыбинск шаарынын тергөө бөлүмүнө жиберилди.

Башкы прокуратуранын өкүлү ошондой эле Мари Эл жумуриятынан топтолгон тизмеде да бурмалоолор табылганын кошумчалады. Ал иш боюнча да кылмыш иши козголду.

Касьяновдун жардамчысы Елена Дикун "Азаттыктын" орус кызматына берген интервьюсунда:

-Михаил Касьяновдун штабы Мари Элде кылмыш ишинин козголушун талапкер Касьяновдо саясий кысым деп сыпаттайт, - деди Дикун.

Евгений Волк, Москвадагы Херитэйж фондунда саясий аналитик болуп иштейт. Анын ырастоосунда, Кремль биринчи вице-премьер-министр Дмитрий Медведевдин 2-мартта алгачкы эле айлампада жеңишин каалайт:

-Азыркы максат Касьяновду президенттик жарыштан алып салуу. Же болбосо аны жаман аттуу кылуу. Менимче, анын катталышы оңой болобойт.

11-январда коопсуздук кызматы Мари Элде Касьяновдун шайлоо кампаниясында иштеген 6 кишини кармап, мыйзамсыз аракеттерди моюнга алдыргысы келген.

Волк жана башка байкоочулар Кремль либералдуу оппозицияны бөлүп-жарууну, күчтүү бир талапкердин пайда болушун алдын алуу үчүн Касьяновко буга чейин эч кандай тоскоолдук түзүшкөн эмес дешет:

-Ал өз ролун аткарды. Оңчулдарда аны менен атаандаша турган эч ким калган жок. Ал ролун ойноду, - дейт Волк.

Шахмат боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Гарри Каспаров либералдуу оппозициядан талапкерлигин коеун деди эле, бирок аны көрсөтүү боюнча жыйын өткөрүүгө зал берилбей койду. Дагы бир оппозиционер Борис Немцов болсо, декабрда эле шайлоого катышпай турганын жарыялаган.
Владимир Путин конституцияга ылайык, үчүнчү президенттик мандат үчүн ат салыша албайт. Бирок ал өкмөттүн биринчи орун басары Дмитрий Медведевди колдоодо.

Ушу тапта коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов жана улутчул Либерал демократтар партиясынын жетекчиси Владимир Жириновский расмий каттоодон өтүштү.

XS
SM
MD
LG