Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЖЕР ТАЛАШЫ КАЙРА ЖАНДАНДЫ


Баткенде кыргыз-тажик жер талашы дагы жанданды. Бул жолку жаңжал Самаркендек айыл өкмөтү менен Тажикстандын Сурх жамааты менен чектеш Акбел аймагында орун алып, анда кыргыз атуулдары бийликтегилерден жерди тактап берүүнү талап кылышууда. Ал эми жергиликтүү бийликтегилер болсо талашка түшкөн аймак Тажикстанга таанымал экенин айтышууда.

Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтү менен Тажикстандын Исфара районуна караштуу Сурх жамааты чектешкен Акбел аймагында жер талашынан улам жаңжал чыкты. Самаркандек айылынын тургундары аталган аймакка чыгып, кыргыз бийликтеринен Акбел аймагын кайтарып берүүнү талап кылышууда. Бирок топтолгон элге жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Айыл аксакалы Акбел участогу илгертен эле кыргыздарга таандык экенин айтып, 80-жылдары кыргыз бийлиги жасалма карта менен кошуна тажиктерге сатып жиберген деп кошумчалады:

- Бул жерде мурун 30-жылдары биздин ата-бабабыздын короо жайы болгон, мал баккан. Бул суу чыкпаган жерден бул айылдын малдары жайылып турду. Муну кийин мурдагы райондун жетекчилери секин жасалма карта менен тажиктерге өткөрүп жиберген, - деди Самаркандек айылынын тургуну Мурат Маматов.

Бул жерде негизги ролду карта ойноп жатат, дейт жергиликтүү кеңештин депутаты Мамашарип Туллаев. Анын айтымында 1958-жылкы картада аталган Кыргызстанга, ал эми 1989-жылкы картада Тажикстанга таандык деп түшүрүлгөн:

- 1989-жылкы картада биздин аймак тажиктердин аймагында жүрөт. Ал эми 1958-жылкы картада биздин Кыргызстандын пайдасына чечилип атат. Райондук кеңештин депутаттары биз эч нерсе кыла албайбыз. Ал жака барбагыла деп атышат. Мурда бул биздин жайыт болчу. Жакында эле 12 мал жоголду ошол жерден. Шайлоонун алдында бийликтегилер кызыгып келип, шайлоо өтүшү менен ал да калды. Бирөө кабар алган да жок.

Талашка түшкөн аймактын артыкчылыгы жер алдында кен байлыктын көптүгүнө да такалууда. Көмүр, күкүрт, цемент корлору жаткан аймакты ээлөө кошуна туугандардын негизги максаты деген пикирин Паскар конушунун тургуну Алимбай Отбасаров ачыктады:

- Булар кичине жер болсо алып калалы деп турат. Ал жердин асты шахты, цемент, көмүргө бай. Маде участкаларда фосфор, алтын, күкүрт дагы башкалар бар.

Баткен райондук акимчилигине окуя боюнча кайрылганыбызда микрофонго сүйлөөдөн баш тартышып талаш делген жер Тажикстанга таандык экенин, буга чейин Самаркандек айыл тургундарына бул туурасында маалымдалганын айтышты. Ошол эле учурда тажик тараптын пикирин билиш үчүн чектеш Сурх жамаатынын төрагасы Айыпжан Султановго кайрылганыбызда, 1925-жылкы карта боюнча чырга түшкөн аймак Тажикстанга таандык экенин билдирип, мыйзамды кыргыз тарап бузуп жатат деп жооп беришти.

XS
SM
MD
LG