Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

ООГАНСТАНДА ТАЛИБДЕР ЖАҢЫ ТАКТИКАГА ӨТҮҮДӨ


Ооганстанда өткөн аптада өлкөдөгү көзгө басаар беш жылдыздуу мейманканасында бомба жардырылып, сегиз кишинин набыт болушу өлкөнүн эл аралык абалын олуттуу солгундатып койду. Кабулдагы чет элдик гумжардам кызматкерлери коопсуздуктун начарлашына камтама болуп турганда Кошмо Штаттары Ооганстанга 3200 аскер кошумча жибере тургандыгын жарыялады. Анын аралыгында БУУнун мурдагы мартабалуу өкүлү, жана Евросоюздун Босния-Герцеговинадагы атайын өкүлү Падди Эшдаун Ооганстанга БУУнун "супер өкүлү" болуп келип жаткандыгы маалым болду. Мына ушул соңку окуяларга байланыштуу АКШдагы ооган иштерин мыкты билген окумуштуу, Нью-Йорк университетинин Эл аралык кызматташттык борборунун директору Барнет Рубин Азаттыктын суроолоруна жооп берди.

- Британиялык саясатчы Пэдди Эшдаун Бириккен Улуттар уюмунун Ооганстандагы жаңы "супер" элчиси болот деп айтылып жатат. Бул дайындоо эмнени билдирет?

- Бул дайындоо ишке аша тургандай. Ал саясатчы гана эмес. Мурда эл аралык коомчулуктун Босния-Герцеговинадагы жогорку өкүлү болгон. Бирок анын Ооганстандагы иши бөлөк болот. Боснияда ал өкмөттүн үстүнөн вето кою укугуна ээ болгон. Ооганстанда андай болбойт. Ал Ооганстандагы эл аралык коомчулуктун ишин координациялап гана тим болбостон, анын жыйынтыктуулугун да кепилдей алгыдай болушу керек. Бул өлкөдө 60тан ашык өлкө, банктар, гумжардам уюмдары иш алып барат. Бирок алар ар кимиси өз алдынча иш лып баргандыктан, чыгашасы көп. Ар кандай аскердик уюмдар да бар. Эшдаун келип, бул уюмдардын ооган өкмөтүнүн программалары менен шайкеш иш алып барышына жетишүүсү зарыл.

- Вашингтондун Ооганстандын түштүгүндө 3 миңден ашык аскер жайгаштыруу тууралуу соңку чечимине сиз кандай баа бересиз?

- НАТОнун соңку жыйынынан кийин АКШнын Коргонуу катчысы Роберт Гейтс европалыктардан кошумча аскер талап кылбайбыз деген бүтүмгө келди. Менимче, ал Кошмо Штаттары Иракты гана аэмес, Ооганстанды да башкы приоритети деп эсептээрин көрсөтүүнү каалайт.

- Кабулда жакында Серена мейманканасынын бомбаланышы талибдердин Ооганстанда жаңы тактикага өтүп жатканын көрсөтөт деп ойлойсузбу?

- Ооба. Бул жаңы тактика. Балким бул жаңы стратегия. Мен анын ушуга чейин колдонулбаганына таң калам. Ооганстанда биз көптөн бери эле ушундай болот деп жүргөнбүз, бирок болгон эмес. Бирок бул талибдер үчүн жакшы эмес. Анткени Ооганстанда калк чет элдиктердин байманасы ташыган турмушун кыртыштары сүйбөйт. Ошол эле убакта алар чет элдиктердин Ооганстанды таштап кетишин каалашпайт. Ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөргө келген талиб кор башылары да "биз чет элдик аскерлердин кетишин талап кылабыз, бирок бизге жардам керек экенин моюнга алабыз" деп айтышат.

- Маалымат каражаттарында америкалык күчтөр Пакистандагы талиб жана ал-каида турумдарына чабуул жасашы мүмкүндүгү көптөн бери сөз болуп келет. Сиз буга кандай карайсыз?

- Азырынча бул сөз гана экендигин унутпасак. Буш администрациясында да бул туурасында сөз болуп жаткан болушу мүмкүн. Менин бул тууралуу маалыматым жок. Ошол эле убакта мен бул Пакистанда өкмөттүн жана элдин саясий кызматташтыгын талап кылган узак мезгилдүү күрөш экенин, аны бир нече ракеталык чабуул менен чечүүгө болбой тургандыгын түшүнгөн адамдар бар экенин билем.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG