Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

АКШдагы ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИС КАНЧАЛЫК КОРКУНУЧТУУ


Өткөн жайдан бери АКШда "экинчи баскычтагы кредиттерден" чыккан кризистен улам өлкөнүн экономикасы олку-солку боло баштаган эле. Бул кризистен башка өлкөлөр да запкы тартууда. Акыркы күндөрү АКШнын федералдык резерв кеңеши жана АКШнын президенти өлкөнүн экономикасын бекемдөөчү бир катар олуттуу кадамдарга барды. Ошентсе да, америкалык экономикасы кризиске кабылышы мүмкүнбү? Же кризис башталып калдыбы?-деген суроо азыр көпчүлүктүн көңүлүндө болуп жатат. Ушул жаатта АКШнын мурдагы президенти Роналд Рейгандын экономикалык кеңешчиси болгон серепчи Уиллиам Нисканен Азаттыктын бир катар суроолоруна жооп берет.

- Бул чыныгы кризиспи же убактылуу көрүнүшпү?

- Менимче финансылык системада олуттуу проблемалар бар. Кеп АКШнын турак-жай тармагында гана эмес. Турак-жай проблемасы финансы жамаатындагы көйгөйлөргө түрткү болду. Турак-жайга бөлүнгөн кредиттердин көбү экинчи колдорго өтүп кеткендиктен, алардын тобокелге салуучулугу канчалык экендигин аныктоо өтө кыйын.

- Дүйнөлүк финансы базарларында акциялардын баасы эмнеден түшүп кетти. Дүйнө чын эле глобалдык кризиске кабылганы калдыбы же бул, айрым европалык финансы министрлери айткандай, АКШга гана мүнөздүү көрүнүшпү?

- Дүйнөлүк экономикага катуу бир коркунуч келет деп ойлобойм. Азыркы окуялар финансы тармагында болуп жаткан окуялардын кесепети. Ал окуялар айрым финансылык уюмдарга коркунуч келтирип жаткан болушу толук ыктымал.

- Экономикалык кризис деген эмне, буга силер кандай мисал келтире аласыңар?

- Кошмо Штаттарында реалдуу ички дүң өндүрүшү эки квартал же алты ай катары менен төмөндөгөндө биз рецессия же экономикалык кризис башталды деп айтабыз. Бизде 2001- жана 1991-жылдары чектелген эки кризис болгон. Кийинки убакта кризистер азайып, күчү да анчейин эмес. Эң оор кризис АКШда 1982-жылы болгон. Ага Федералдык резерв кеңешинин инфляцияны 13 пайыздан 4 пайызга төмөндөтүү үчүн, адаттагыдан тышкары, бирок туура, катаң монетардык саясат жүргүзгөнү түрткү болгон. Бирок ал кризистен кийин 1990-жылдарга чейин экономика дүркүрөп өскөн.

- Өткөн жылы азык-түлүктүн баасы кескин өстү, бул көрүнүш улана беребиз? Буга АКШдагы экономикалык төмөндөөнүн канчалык тийешеси бар?

- Жүгөрүгө келгенде, АКШ өкмөтү акылга сыйбаган саясат жүргүзөт. Биздин өкмөт жакында күйүүчү майга кошулуучу этанол үчүн өстүрүлгөн жүгөрү өндүрүшүн кескин көбөйтүүнү жактырды. Бул АКШда азык-түлүктүн, негизинен эт жана сүт азыктарынын кескин кымбатташына түрткү болууда. Айыл-чарбасындагы жерлер да кымбаттап кеткендиктен, кыйыр түрдө бардык азык-түлүк кымбаттады.

- Учурдагы экономикалык каатчылык канчага созулат деп ойлойсуңар? Дагы күч алабы?

- Акыркы 30 жыл бою мен божомолчу эмес серепчи болуп иштейм. Ошондуктан, силердин суроо мени ыңгайсыз абалга коюп жатат. Бирок менимче, эң оор мезгил артта калды.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG