Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

ЫСЫК-КӨЛДӨ ПРЕЗИДЕНТТИН “ХАН САРАЙЫ” КАЧАН КУРУЛАТ?


12-январда президент Курманбек Бакиев Ысыккөлдүн жээгинде 30 га.аянтка «Президенттин резиденциясын куруу жана долбоорлоо иш чарасын бөлүштүрүү» жардыгына кол койгон. Президенттин иш башкармалыгынан учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр кагаз жүзүндө иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдашты. Айрым талдоочулар экономикалык абал кыйың кезде жаңы резиденцияны куруунун кажети жок экендигин, биринчи кезекте айыл-чарбасына көңүл буруп, дан азыктарына байланыштуу проблеманы чечүү зарылдыгын айтышууда.

Өлкө башчысынын жардыгына ылайык Ысыккөлдүн токой корунан 30 га. жерди мөөнөтсүз пайдаланууга президенттин иш башкармалыгынын №2 резиденциясына берүү жана жаңы резиденциянын курулушуна байланыштуу маселени караштырып, аны чечүү өкмөткө тапшырылган. Жардыкта президенттин иш башкармалыгына жаңы резиденцияны куруу иштерине аткаруу бийлиги менен жергиликтүү бийликтер ар тараптуу жардам берүү, анын курулушуна гранттык, инвестициялык каражат тартуу жана бир бөлүгүн бюджеттен бөлүү көргөзүлгөн.

Президенттин иш башкармалыгынын укуктук жана кадр иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси Султан Орозалиев бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын, жаңы резиденция грант жана инвестициянын эсебинен куруларын, бюджеттен акча каражаты бөлүнбөстүгүн билдирди.

-Кыргыз республикасынын президентинин иш башкармасы менен кыргыз өкмөтү макулдашкан. Кийин ушул президенттин резиденциясы жалаң эле президент үчүн эмес, премьер-министр дагы чет өлкөлөрдөн келген мамлекеттик деңгээлдеги конокторду тосуу үчүн курулат. Мына ушунун курулушуна гранттык жана инвестиция тартуу, эгерде каражат жетпей зарыл болуп калса жарым жартылай каражат жумшалсын деген президенттин жардыгы 12-январда чыккан. Дагы айтып коюу керек, бул мамлекеттин казынасынын эсебинен курулбайт. Азыр бул долбоорду документтештирүү, чет мамлекеттерге чыгып сүйлөшүү үчүн Тышкы иштер министрлиги менен иштер жүргүзүлүүдө, -деди Султан Орозалиев.

Ысыккөлдүн жээгинде президенттин жаңы резиденциясынын курулушуна коомчулукта ар кандай пикирлер айтыла баштады. Айрымдары мамлекеттик деңгээлдеги чет өлкөлөрдөн келүүчү делегацияларды тосууга заманбап жаңы курулуштар керек дешсе, айрымдары биринчиден азык-түлүк проблемасын чечүү зарылдыгын белгилешүүдө. “Мурдагы президент Аскар Акаевдин Бишкекте курулуп жаткан китепканасынын башы ачылбай талашка түшкөн сыяктуу, Ысыккөлдүн жээгинде курулуучу президенттин резиденциясы да кийин талашка түшпөйт деген кепилдик жок”,- дегендер да бар.

Мурдагы легендарлуу парламенттин депутаты Бекиш Ааматов болсо жаңы резиденцияны куруунун учурда кажети жок экендигин, миллиондогон каражаттарды “хан сарайга” сарптагандан көрө калктын пайдасына жумшап, элди жаңы жумуш орундар менен камсыз кылууну колго алуу керектигин билдирди.

-Мына ошол курулуштун баардыгы миллиондогон акча турат да. Кыргызстанда өсүмдүк майы чыкпайт экен, андан көрө ошол каражатка чакан заводдорду ачып, жүгөрү,чемичкени өстүрүүнү көбөйтпөйбү. Миллиондогон долларлар ошол өсүмдүк майын сатып алууга кетет экен. Майды өзүбүздө чыгарсак арзан да болмок,канча киши жумуш менен камсыз болот эле. Мына азык-түлүктүн баасы асмандап кетти. “Хан сарайдын” курулушуна кетүүчү каражатты азыртадан айыл чарбасына бөлүп, дыйкандарга жардам берсинчи, күзүндө эле дан аыктарына болгон муктаждыктар чечилмек. Азыр ташкөмүрдүн баасы дагы кымбаттап, айылдагы момун элге убал болду. Мурда Кыргызстанды Орто Азиянын “кочегары” деп айтышчу эле. Карaжаттарды ар кайсы жакка обу жок чачпай мурдагы шахталарды иштетип койсо болбойт беле.

Ааматов азыркы бийлик, өкмөт башаламан саясат жүргүзүп, алдыга өнүгүүнүн ордуна, мамлекетти кымбатчылыктын сазына батырып, экономикалык кризиске алып баратат деген көз карашын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG