Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

АКШда АНТИРЕЦЕССИЯЛЫК МАСШТАБДУУ ЧАРАЛАР МАКУЛДАШЫЛДЫ


АКШ өкмөтү жана конгресс өлкөнүн экономикасына дем берүү максатында масштабдуу чараларды кабыл алууну чечишти. Жетишилген макулдашууларга ылайык жарандар үчүн салыктар жеңилдетилет, ашыкча төлөнгөн алымдардын орду толтурулат. Долбоорго казынадан 150 миллиард доллар акча ажыратылат. Бул жаңылык дүйнөлүк рынокто куш кабар катары кабыл алынды.

Макулдашылган долбоордо 117 миллионго чукул үй-бүлөгө жакынкы аралыкта бир жолку материалдык компенсация төлөп берүү жагы каралган. Ал эми очор-бачар жарандар жылына 1200 доллар жеңилдик алышат, ага кошумча ар бир бала үчүн 300 доллардан жөлөкпул төлөнөт. Бала-бакырасы жокторго, жалгыз бой адамдарга каралган төлөмдөр 600 долларга чейин барат.

Бул программаны бейшемби күнү конгресстин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси, республикачылардын палатадагы лидери Жон Бонер жана финансы министри Генри Полсон беш саат бою талкуулап, макулдашты. Программа эми конгресстин кароосуна коюлат. “Бул чараларды абдан манилүү деп эсептейм, анткени акча бел оорутуп, кол жоорутуп иштеген адамдардын тике өздөрүнө тийет”,- деп айтты Пэлоси. Спикер жаңы демилгелер орто тапты чыңдарына, андан төмөнкү катмарга чоң өбөк болоруна ишенет. “Эгер бул да жардамдашпаса,анда башкача тарыйкаларды табабыз”, - деп билдирди Пэлоси.

Президент Жорж Буш да программанын долбоорун жактырды жана аны эртерээк мыйзамдаштырууга чакырды. Адамдарга акчасын үнөмдөө, аны зарыл болгон учурда гана сарптоо үчүн шарт түзүүнү Буш экономканы көтөрүүнүн мыкты жолу деп атады. Ал ошондой эле жаңы долбоордон улам керектөөчүлөр каражаттарын көп карыштай баштай турганын, натыйжада быйыл ички инвестиция көбөйөрүн белгиледи.

Вашингтондо белгиленип жаткан бул масштабдуу чараларды дүйнөлүк рынокто кубаттап кабыл алышты. Гонконгдогу инвестициялык компаниянын өкүлү АКШ конгресси менен өкмөтү экономикага колдоо көрсөтүү программасын ыкчам макулдашканын айтып, козголбос мүлк рыногуна мунун шарапаты тиерине ишеничин билдирди.

Дүйнөлүк фонд биржаларында соңку эки күндөн бери негизги индекстердин көрсөткүчү жогорулай баштады. Буга АКШнын федералдык резервдер системасы үстөктөрдүн процентин төмөндөткөнү түрткү берди. Ошол эле учурда Кошмо Штаттарында америкалык айрым саясатчылар резервдер системасын рецессия коркунучунан “өтө эле эртелеп алактап кетти” деп сынга алышты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG