Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

ИГОРЬ ЧУДИНОВДУН ОРУСИЯДАГЫ ИШ САПАРЫ АЯКТАДЫ


Муса Мураталиев, Москва Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудиновдун Орусиядагы иш сапары эки мамлекет арасындагы алаканы жакшыртууга багытталган. Алардын бири Евразиялык экономикалык уюмга кирген өлкөлөр арасында атуулдарынын ээн-эркин келип кетип жүрүүсү жана мигранттарга ишке орношушу үчүн 90 күнгө чейин убакыт берүү маселеси болгон. Ошентсе да Москва калаасындагы кыргыз мигранттары иш сапары менен жүргөн премьерге жолуга албай коюшту.

«Газпром» жетекчилиги менен болгон сүйлөшүү маалында кыргызстандык премьер ал уюм менен 2008-жылдын март айынан тартып углеводород чыкчу жерлерди чалгындап чыгуу келишимине жетишкен. Бул туурасында Игорь Чудинов менен Орусиянын премьер-министри Виктор Зубков жолугушкан учурда айтылды.

Кечээ отуруму өткөн Евразиялык экономикалык уюмдун кезектеги чогулушунда 2006-жылы августта жетишилген бүтүмдөгү бажылык эрежелер тууралуу кеп болгон. Отурумга бул жолу Казакстан, Орусия жана Беларус кошулуп, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кошулбаптыр. Аны эскерткен орусиялык өкмөт башчы Виктор Зубков, ошого карабай алдыда дагы дэле жакшы алака болорун эскертти:

- Биздин кызматташуунун алдында туруган максат айдан ачык, аны мен ЕврАзЭС алкагында бирдиктүү экономикалык мейкиндик уюштуруу дейм.

Отурум үстүндө Кыргызстан делегациясынын жетекчиси өлкөдөгү электр кубатын өндүрүүнүн жакшы жолдо бартканын артыкча белгилегенин, Кыргызстан өкмөтүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Роза Токтосунова айтты:

- Игорь Чудинов, өлкөдө Камбарата-2 ГЭСин жумурият өз күчү менен куруп бүтүрүү боюнча чечим кабыл алышы маанилүү саясий кадам болду деди.

Бул жолу Кыргызстан өкмөт башчысынын иш сапарына байланыштуу Орусиянын баш калаасында турушкан кыргыздар мигранттар маселесине байланышкан суроолор менен кайрылышмак болгон экен. Бирок андай мүмкүнчүлүк болбоптур. «Кыргызстан биримдиги» коомдук уюмунун жетекчилеринин бири Арстаналы Юсупов мындай дейт:

- Жаңы кызматка келгенде бардыгы эле убада кылышат. Кийин унутуп салышат. Биздин диаспора жолугушсак деп аракет кылдык. Бирок жолугушканга мүмкүнчүлүгү жок экен. Биз бул маселени канча жылдан бери козгоп келе жатабыз. Ишке ашып калса абдан жакшы болот эле. Келечек көрсөтөт.

Ала-Тоо коомдук уюмунун жетекчиси Жамила Бегишева айтканга караганда Орусиядагы мигранттар маселеси ат көтөргүс, аны чечүү узак убакытты талап кылат:

- Элчиге мурун айткан элек жолугалы деп. Бирок кеч болуп калыптыр. Бир ай мурда айтыш керек экен. Айтылбай калган үчүн биз менен жолугушууга болбойт экен.

Ушул күндөрү REGNUM.ru жазганга караганда, Кыргызстандан жумуш издеп Орусияга сапар алуучулардын паспорттору алмаштырылып жатат. Анткени орусиялык иш берүүчүлөр менен бийликке жеңил болсун үчүн, «уулу» же «кызы» деген уландысы бар паспорттордун ал жерин «ов» же «ова» деп оңдоп, жаңыртып берип жатышкан экен.

XS
SM
MD
LG