Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ИРАКТА МОСУЛ ШААРЫН СОГУШКЕРЛЕРДЕН БОШОТУУ ОПЕРАЦИЯСЫ БАШТАЛДЫ


Ирактын премьер-министри Нури Ал-Малики өлкөнүн түндүгүндө “Аль-Каида” согушкерлерине каршы соңку чечкиндүү уруш башталганын жарыялады. Мосул калаасын сунни согушкерлеринен бошотуу операциясына, Маликинин айтымында, коопсуздук күчтөрүнүн алдыңкы бөлүктөрү тартылды. Бул операция – Мосулда отуздан ашуун кишинин өмүрүн алып, эки жүздөй кишини жарадар кылган жардыруулардан эки күн өтпөй башталып отурат.

Шийилер басымдуулук кылган Кербала шаарында жума күнү маалымат жыйынын өткөргөн премьер Малики Ирак армиясы ушу тапта кубаттуу күчкө айланды деп белгиледи. Шаршембиде Мосулда отуздан ашуун кишинин өмүрүн алган жардыруу үчүн Ирак өкмөтү “Аль-Каида” күнөөлүү деп айыптаган. Жардыруу Мосулдагы үч кабаттуу имаратты аскерлер курчап, анын ичинде курал-жарак катылган кампа бар деген жоромолду текшергени жатканда орун алган. Эртеси жардыруу болгон жерди иликтеп жүргөн жеринен жергиликтүү полиция башчысы, генерал Салех Мухаммад Хасан жана дагы эки офицер буктурмадан атылган октон курман болушту.

Багдаддан 360 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан Мосул калаасы – Ирак, Сирия, Түркия жана Иранды байланыштырган жол тоомунда жайгашкан. Ар башка улут өкүлдөрү байырлаган шаар көптөн бери козголоңчулардын чордону болуп келатат.

АКШ армиясынын Багдаддагы басма сөз өкүлү Грегори Смит жакында Мосулду чет элдик согушкерлер менен козголоңчуларды каржылоо борбору деп атаган.

Анын айтымында, 2 миллиондой калкы бар шаардагы бейпилдикти болгону үч миңдей полиция кызматкери күзөтөт. Ирактын ички иштер министрлигинин өкүлү жума күнү Мосулду согушкерлерден бошотуу операциясына дагы үч миңдей аскерден турган коопсуздук күчтөрү кошулганын маалымдады. Кабарларга караганда, сунни согушкерлери ээлеген акыркы чоң шаар – Мосулду бошотууга Ирак армиясынын алдыңкы бөлүктөрүнөн дагы бир нече миң жоокери тартылды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG