Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

ИНГУШЕТИЯДА ОППОЗИЦИЯ МИТИНГИСИНЕ КАТЫШКАН ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР КАМАКТАН БОШОТУЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Кечээ Назранда жергиликтүү тургундардын көчөгө чыгуусу болуп анын акыры демонстранттар менен милициянын олуттуу кагылышуусу менен аяктады. Манифестация өтүшүн чагылдырыш үчүн ал жерге барган журналистер тобун, алардын катарында «Азаттыктын» кабарчысын милиция кармап, Владикавказ шаарына алып кетишкен. Ал эми «Азаттыктын» кабарчысы болсо башка кабарчылар сыяктуу кечке жуук бошотулуп, кармалган аппараттары, буюм-тайымдары кайтарылып берилген. Ага дейре бийлик Назранда алтынчы күнү террорчулукка каршы операция жүргүзүлөт деген билдирүү жасаган.

Алдыңкы күнү Назранда көчөгө чыккан тургундар менен милициянын кагылышын жазып аткан жеринен кармалган «Азаттыктын» кабарчысы Данила Гальперович болчу. Гальперовичтен башка да «Эхо Москвы» үналгысынын эки, «Новая газета» басылмасынын бир кабарчысы жана эки адам укугун коргоочулар кармалышкан. Ингушетиянын ИИМ талабына ылайык «Азаттыктын» редакциясы Гальперовичтин ал жакта кызмат иши менен барганын күбөлөгөн кат жөнөткөндөн кийин гана аны бошоткон.

Митингге келсек, ал жерде көчөгө чыккандарга карай ОМОН кызматкерлери үнү кулак тундурчу гранаталарды ыргытып, түтүндү аябай булатчу атайын чычалаларды да ыргытып, кууп тарткатуу аракетин баштаган. Көчөгө чыккандар болсо ОМОНду карай таш бараң атып, ичине май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышып, кыр көргөзүшкөн. Бирок демонстрацияга чыккандарды федералдык аскер тыкыр курчоого алып, ок атыла баштаганда гана көчөгө чыгууну уюштурган оппозициялык тарап элди тарап кетүүгө чакырган.

Бүгүн басылмалар жазганга караганда митингди уюштуруу комитети чагым чыгарды деп бийликти айыптоодо. Карамалгандар аныкталбаган булактар боюнча 4 киши. Бирок басылмалар жазганга караганда кармалгандар арасындагы жаш өспүрүмдөрдү бошотуу болгон. Оппозиция 23 февралда элдин көчөгө чыгуусун уюштуруу үчүн чечим кабыл алды деген.

«Азаттыктын» кабарчысы Данила Гальперович болсо окуя чоо-жайын мындайча эскерет:

- Кыйла орой, сөгүнүшкөн үч милиция, мени муштагылап, түрткүлөп, колумдагы буюм-тайым, аппараттарымды тартып алышты да анын артынан убактылуу карамлгандар ташылчу автоунаага камап салышты. Аны менен мени жергиликтүү милиция, кармалганымды же кандайдыр бир эркиндигимден ажыраганымды телефон аркалуу билдирип коюу үчүн сурансам, бир жарым сааттай урукста бербей турушту. Ал милиция бөлүмгө жумурияттык жана Назрандык прокуратура өкүлдөрү келгенден кийин гана жагдай өзгөрдү.

Ингушетияда оппозициянын көчөгө чыгышына кыйла себеп бар экенин анализчилер айтышат. Ага бийликте олтургандар күнөөлү дешет. Президент Аушов бар кезде Кремлге кылчактоосу жок өз алдынча саясат жүргүзчү. Президент Зязиков келгени анын тескерисинче Кремлге жагабы-жакпайбы, ошого карап аяр саясатка өттү. Андай көзкарандылыкты жактырбагандар көчөгө чыгышты. Тургундар арасында маанай ар кыл, Путинди падыша тутуп, бардык маселени анын чечип бериши ырас дегендерден тартып орустарга каршы ураан таштагандарга дейре жетет. Кандай болгондо да тургундардын массалык түрдө көчөгө чыгуусу - террордук акты экен деп аларды террорчуга же исламчылар экен деп диний топко айланта бербеш керек дешет.

XS
SM
MD
LG