Парламент 24-январда кабыл алган бул мыйзамга президент ишемби күну кол койду. Ага ылайык Жогорку Кеңештин жалпы отурумдары аптасына эки ирет – бейшемби, жума күндөрү өтүп, калган иш күндөр комитеттерде жүрөт. Бүгүн төрага Адахан Мадумаров комитет төрагалары менен бирге февраль айы үчүн комитеттердин иш пландарын талкуулаганы жатат. Бул тууралуу төрага жума күнкү парламент отурумунда билдирди. (BuS)